Гүлзат Мамытбектин болочок жолдошу Кыргызстанда

Кечээ, 22-декабрда өзүн бүтүндөй планетанын “деми” деп эсептеген Гүлзат Мамытбек Испаниялык “сүйүктүүсүнүн” Кыргызстанга келгендигин кабарлады. Ал бул тууралуу өзүнүн Instagram социалдык тармагына бөлүштү.

Айта кетсек, ал буга чейин жакында турмушка чыга турганын билдирген. Ошондой эле, көп өтпөй Г. Мамытбектин “сүйүктүүсү” Испаниялык режиссер Хуан Буэндиа экендиги айтылган.

Ал турмушка чыга турганын билдирип, анын ким экендиги белгилүү болгондон кийин коомчулукта ар кандай пикирлер пайда болууда. Социалдык тармактын кээ бир колдонуучулары “ар бир адам бактылуу болууга татыктуу, кыргыз жигиттери кыргыз кыздарына татыктуу болуп алгылачы алгач” дешсе, кээ бир колдонуучулар “Кыргызым деп ырдабай эле койбоптурсуз, кыргыз жигиттери куруп калыптырбы” деген ар кандай пикирлерди калтырышкан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *