Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » Гүлжайна Атаканова: “Анжеликадай депутаттар керек. Ал депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам”
КООМ

Гүлжайна Атаканова: “Анжеликадай депутаттар керек. Ал депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам”

Анжеликадай депутаттар керек. Ал депутаттыкка аттанса өзүм колдоп чыгам. Бул тууралуу куудул, алып баруучу Гүлжайна Атаканова Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

“Сенин жасап жаткан жумуштарыңды көрүп сендей күчтүү айым болгум келди. Акты ак деп айтыш керек. Аты жаман ооруу Кыргызстанды каптагандан бери бир күн дагы өзүң үчүн убакыт бөлбөй Кыргыз элим деп күйүп жанып жүрөсүң. Чынын айтканда сага “Кыргыздын баатыры” деген наам бериш керек.

Миң деген адамдар вирустан коркуп үйүнөн чыкпай жаткан күн да болду, эмне Анжеликага оору тийбей турган жаңы темир беле? Бирок өз өмүрү коркунучта болсо дагы элим деп тыпылдап жүгүрүп иштеп жүрөт. Мен бир нерсени баса белгилеп айтат элем. Анжелика миллиондогон адамдын өмүрүн сактап калганга көпүрө болду. Бул жумушту баштабаса, жасабаса билбейм дагы канча адам өмүрүнө коркунуч келет эле.

Кече Анжеликанын сторисинен көрдүм. Мен депутаттыкка барбайм. Жаш кандидаттарды колдойм дептир. Бирок кыргыз элине Анжеликадай эр жүрөк, күчтүү, эч нерседен коркпогон, баары бир гана Аллахымдан деген, кыргыздын көйгөйүн чечкен Анжеладай депутаттар керек. Анжелика депуттаттыка аттанса өзүм колдоп чыгам”, – деди Атаканова.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады