Хабиб Нурмагомедов беттешке чакырган UFСнин мушкери Жорж Сен-Пьер спорттук карьерасын жыйынтыктады

Хабиб Нурмагомедов беттешке чакырган UFСнин мушкери Жорж Сен-Пьер спорттук карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, Сен-Пьер өзүнүн бул чечими тууралуу атайын уюштурулган маалымат жыйынында жарыялады.

«Мен карьерамды жыйынтыктай турганымды жарыялаш үчүн бул жердемин. Ар дайым карьераны бийиктикте турган учурда жыйынтыкташ керек экенин айтып келгем. Физикалык жактан өзүмдү жакшы сезип турганым менен, мурдагыдай беттешке чыгууга ашыкпай калдым. Буга байланыштуу спорттон кетүүгө мезгил келди деп ойлойм.

Менин спорттук жетишкендик-ерим көп адамдын жардамы менен пайда болду. Алар болбосо азыр бул жерде отурмак эмесмин», – деп айтты Сен-Пьер.

Ошондой эле мушкер Хабиб Нурмагомедов менен болбой калган беттеш тууралуу пикирин билдирген.

«Мен Хабибдин чоң күйөрманымын. Ал мени менен беттешүүнү каалаган. Биз ал беттештин орун алуусу үчүн болушунча аракет кылдык. Бирок UFСнин башка пландары бар экен. Мен муну түшүнгөндөн кийин дароо спорттон кетүү тууралуу чечим кабыл алдым», – деген мушкер.

Жорж Сен-Пьер UFСнин 2 салмак категориясында чемпион болгон. Аны 20-февраль күнү UFСнин жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов ушул жылдын ноябрь айына беттешүүгө чакырган.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *