Хабибдин кезектеги атаандашы анык болду

Үстубуздөгү жылдын сентябрь айында россиялык мушкер, UFС уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык спортчу Дастин Пуарье менен беттешет. Бул тууралуу UFС президенти Дана Уайттын сөзүнө таянуу менен РИА Новости жазып чыкты.

14-апрелге караган түну Пуарье мекендеши Макс Холлоуэй менен мелдешип, UFС уюмунун жеңил салмактагы утурумдук чемпиону наамын утуп алды.

«Пуарье эми Хабиб менен беттешет. Иш-чара сентябрь айында өтүшү мүмкүн», — деди Уайт маалымат жыйында.

Ал эми россиялык мушкер Пуарье менен Холлоуэйдин беттешине саресеп салып, калыстын чечимине макул эместигин билдирди. Анын айтымында, таймаш жок дегенде тең эсеп менен аяктаса туура болмок.

«Мен калыс менен макул эмесмин, тең эсеп адилеттүү болмок. Эки мушкерди тең сыйлайм, Пуарьенин ийгилигин көз жаздымда калтырууга болбойт. Дастин, куттуктайм, сентябрда көрүшкөнгө чейин», — деп жазган Хабиб баракчасына.

30 жаштагы Нурмагомедов 27 ирет беттешке чыгып, баарын утуп алган. Ал эми өзү курактуу Пуарье 25 жолугушуудан жеңүүчү болуп чыгып, беш ирет утулган. Бир беттешинин жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Булак: «Мантыш»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *