Хэллоуинди майрамдоого канча каражат жумшалат?

31-октябрда америкалыктардын Хэллоуин майрамы белгиленет. Америкалык аналитиктер аталган майрамга канча каражат жумшаларын эсептеп чыгышты.

2018-жылы бул майрамга жумшала турган каражат аз дегенде 9 миллиард долларды түзөрүн Улуттук федерация эсептеди.

Орточо чыгым бир адамга 86,79 доллар туура келет.

3,2 миллиард доллар костюмга, 2,7 миллиард доллар кооздогонго, 2,6 миллиард доллар кондитердик азыктарга жана 400 миллион доллар куттуктоо открыткаларына жумшалат. Хэллоуинде көп каражат үй жаныбарларынын кийимине бөлүнөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *