“Хоргос” базарынын Кытай тарабындагы бөлүгү иштеп баштады

Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Хоргос” базарынын Кытай тарабындагы бөлүгү иштеп баштады. Бул тууралуу чет өлкөлүк ММКлар бүгүн, 26-мартта жазып чыкты.

Алардын айтымы боюнча, базардын Кытай тарабында жайгашкан бөлүгү иштеп баштаган. Ал эми базардын Казакстан тарабы дагы деле жабык бойдон турат.

“Хоргос” базары – Казакстан менен Кытайдын ортосундагы эркин соода аймагы. 528 гектар жерде 6 соода борбору жана 2 миңге жакын бутик бар.

Кыргыз-кытай чек арасы 2019-жылдын 29-декабрында Кытайдагы жаңы жылга байланыштуу жабылган. Андан кийин таажывирусуна байланыштуу жабылган. “Хоргос” базары 27-декабрдан тарта жабылган.

Эсиңиздерге сала кетсек, декабрь айынын аягында Кытай бийлиги Ухань шаарында өпкө оорусунун күчөшү тууралуу айтып чыккан. Бул таажырустун жаңы түрү –  COVID-19 экени аныкталган. Учурда  коронавирус илдети дүйнөнүн туш-тарабына жайылууда. Таажывирус Кыргызстандын аймагына да келип, учурда 44 жаран аталган вирусту жуктуруп алган.

Булак: «KyrgyzToday»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *