Худжанд түрмөсүнөн качып кеткен кылмышкер кармалды

Худжанддагы түрмөдөн качып кеткен Амонуллохон Носири Исфара шаарында кармалды. Кылмышкерди кармоо боюнча операция ишемби күнү кечинде болду. ИИМ маалымдагандай, учурда  колониядан качуунун себептери жана жагдайлары териштирилүүдө.

Акыркы жолу ал атайын топ тарабынан уюштурулган өнөкөт каракчылык учурунда кармалып, 2013-жылы 11 жылга эркинен ажыратылган.

Амонуллохон Носири түзөтүү мекемесинин аймагынан 24-ноябрь күнү качып кеткен.

Акыркы жарым жыл аралыгында аталган колониядан ушуну менен экинчи жолу качуу фактысы катталды. Быйыл 17-июнда дагы үч адам түрмөдөн чыгып кетүү аракетин жасап, абактын кызматкерин бычак менен сайып жарадар кылышкан. Ал ооруканага жетпей көз жумган. Кийинчерээк качып кеткен кылмышкерлердин баары тең жок кылынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *