Худжандда түрмөдөгү кылмышкер качып кетти

Худжанд шаарынын түрмөсүндө жаткан адам качып кетти. Согди облусунун күч түзүмдөрү 24-ноябрда качкынды кармоо операциясын башташты.

Түзөтүү мекемесинин кызматкерлеринин биринин айтымында, кылмышкер Исфаранын жашоочусу болгон жана ал 24-ноябрь күнү түштөн кийин качып кеткен. Жарым жылдан бери Худжанд шаарынын № 3/3 колониясынан экинчи жолу качуу фактысы катталууда.

Быйыл жайында түрмөдө жаткан үч адам качууга аракет жасап, көзөмөл жана тарбия бөлүмүнүн башчысын бычак менен сайып ташташкан. Ал ооруканага жетпей жан берген.

Күзөтчү качып бараткандардын бирин атып өлтүргөн. Экинчисине дагы ок тийип, бир нече күндөн кийин ал көз жумган. Үчүнчү кылмышкер дагы жарадар болгон, бирок тикенек зымдар менен курчалган бетон дубалды секирип өтүп качып кеткен. Эки күн өткөндөн кийин гана кармалып өлтүрүлгөндүгү кабарланган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *