Ички кызматтын полковниги Аскат Эгембердиев КР Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Ички кызматтын полковниги Эгембердиев Аскат Раимжанович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 13-октябрда КР Премьер-министри С. Жапаров кол койгон. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда КР Өкмөтүнө караштуу ЖАМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин А. Эгембердиев Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары кызматын аркалап келген.

Аскат Раимжанович 1968-жылы Бишкек шаарында туулган, жогорку билимдүү. 1987-жылдын 26-августунан 1989-жылдын 30-майына чейин милдеттүү түрдө аскер кызматын өтөп, 1993-жылдын 30-ноябрынан баштап ички иштер органдарында кызмат өтөй баштаган.

Ал Жаза аткаруу тутумунда 1996-жылдан бери кызмат өтөп, ар кандай кызматтарды аркалап келген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *