Игорь Чудиновдун ордуна депутат болуп Бактыбек Турусбеков келет

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаковдун иши боюнча өкүм чыгарып, райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эми шаардык соттун чечими күчүнө кириши менен бул кылмыш ишинин алкагында соттолгон Игорь Чудинов парламенттик мандатынан айрылат. Эскерте кетсек, «Бир-Бол» фракциясынын депутаты, мурдагы премьер-министр Игорь Чудинов Лебединовка айылындагы айыл-чарба жерлерин башка категорияга которуу боюнча күнөөлүү деп табылып, ага 5 миллион сом айып пул салынган болчу.

Боршайкомдун билдирүүсүндө, анын ордуна партиялык тизме боюнча Бактыбек Турусбеков келет. Коомчулук Чудиновдун айып менен жоопкерчиликтен кутулуп кеткени туура эместигин, ал мандатынан эле ажыратылбастан камалууга да тийиштигин белгилешүүдө.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *