ИИМ Академиясында “КPбилим берүү системасындагы коррупцияга каршы саясат” темасында тегерек стол өттү

2017-жылдын 7-декабрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында жогорку окуу жайлардын студенттери арасында “Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы коррупцияга каршы саясат” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул туурасында академинын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара 9-декабрь – эл аралык паракорчулукка каршы күрөшүү күнүнө карата өткөрүлүп, билим берүү чөйрөсүндөгү паракорчулукка каршы иш-стандарттарын жогорулатуу жана аракеттенүү жаатында жүргүзүлгөн чараларды талкуулашты.
Форумга катышкандар:
 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары: Строкова Е. Г., Осмонова А. Ш.;
 Кыргыз Республикасынын Билим жана илим министрлигинин паракорчулукту алдын алуу саясат тармагынын бөлүм башчысы: Усупбеков М. С.;
 Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын ага прокурору: Саякбаев Т. Ж.
 Кыргыз Республикасынын ИИМдин ички иликтөө кызматынын өкүлү: Жусупов А. З.;
 «Кылым шамы» адам укуктары боюнча борборунун директору Абдирасулова А. П;
 ИСИТО бөлүмүнүн деканы – Мааткеримов Б. А.;
 КМЮАнын кылмыш-жаза укугу кафедрасынын окутуучусу Аматова Ж. М.;
 И.Ахунбаев атындагы КММАнын тарбиялык жана массалык уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Ысакжанова К. Ы.
Тегерек столго катышкан КЭУ, И.Ахунбаев атындагы КММА, КМЮА, КУУ, ИСИТО, КРАО,”Ала Тоо” Эл аралык университети, Чыгыш университети, КРнын ИИМдин Академиясынын студенттери бири-бири менен паракорчулук маселелерин талкууга алышты.
Студенттик лидерлер таанышуу жана илимий иш боюнча диалогго салым кошкону менен чектелбестен, ошондой эле бирдиктүү студентердин трибунасында бирикти.
Бардык катышуучулар бирдиктүү жыйынтык чыгарып, паракорчулук менен күрөшүүнүн натыйжалуулугу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдары жана бардык жогорку билим берүү уюмдары биргелешип иш алып баруу аркылуу жетсе болот деген чечимге келди.
Тегерек столдун катышуучулары тарабынан иштелип чыккан сунуштамалар, кызыктуу маектер, көйгөйлөр, сунуштар Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлөт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *