ИИМ: Алмаз Атамбаевдин жактоочусу С. Слесаревдун кайрылуусуна жооп

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу фактысы боюнча иликтенип жаткан кылмыш ишинин алкагында жаран С.М. Слесаревдон А. Атамбаевди суракка мыйзамсыз чакыруу, андан сырткары укуктук талаадагы жагдайлар жөнүндө кайрылуусу келип түшкөн.
Жогорудагы кылмыш иши боюнча материалда А. Батукаевди мыйзамсыз бошотуу жагдайлары менен А. Атамбаев кабардар экендиги тууралуу жеткиликтүү далилдер бар. Ушуга байланыштуу, ага белгилүү болгон иш боюнча жагдай тууралуу көрсөтмө берүү үчүн күбө катары бир нече жолу Тергөө кызматына чакырылган.
Жакты күбө катары чакыруунун негизи катары кылмыш иши боюнча тиешелүү жагдайларды тактоо үчүн кандайдыр-бир маалыматтарга ээ болушу мүмкүн экендигин көрсөтүп жаткандыгын эсептөөгө болот.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 82-беренесине ылайык, алардын негизинде алгачкы текшерүүчү органы, тергөөчү, прокурор, сот иш үчүн мааниси бар жагдайлардын болгондугун же болбогондугун аныктаган, мыйзамда белгиленген тартипте алынган маалыматтар иш боюнча далилдер болуп саналат. Далилдердин булактары болуп шектүүнүн, айыпкердин, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрү эсептелет.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 84-беренесинде, күбө ишке тиешелүү бардык жагдайлар, анын ичинде шектүүнүн, айыпталуучунун, жабырлануучунун инсандыгы жана анын алар жана башка күбөлөр менен болгон өз ара мамилелери жөнүндө суракка алынышы мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.
Ошол эле убакта, (Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 13-беренеси) ар бир адамга жана жаранга жазык сот өндүрүшүнүн бардык баскычында анын укуктары менен эркиндиктерин соттук коргоого кепилдиктер берилет. Эч ким өзүнө, өзүнүн жубайына жана (же) чөйрөсү ушул Кодекс менен аныкталган жакын туугандарына каршы күбөгө өтүүгө милдеттүү эмес.
Ал эми укуктук талаага кайтып келүү бөлүгүндө, С. Слесарев, өзүнүн өтүнүч билдирүүсүндө, даттануусунда жана башка кайрылууларында, өзүн “өкүл, жактоочу” катары көрсөтүүдө.
Тергөө кызматы тарабынан С. Слесаревго эгерде ал өкүл катары эсептелсе, анда тапшырма катты тапшыруу керетиги бир нече жолу айтылган, бирок С. Слесарев Тергөө кызматына тапшырма катты тапшырган эмес.
Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат, ушуга ылайык тергөө кызматынын бардык иш-аракеттери жазык-процесстик мыйзамдар менен жөнгө салынган.
Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 5-беренесинин 12- пунктунда кимдерде мыйзамдуу өкүлдөр болушу мүмкүн экендиги так көрсөтүлгөн.
Ошондой эле, С. Слесаревдун кайрылуусунун экинчи бөлүгүндө ал өзүн жактоочу катары көрсөткөн. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 50, 54-беренелеринин жана 5-берененин 14-пунктунда жакты коргоого алган жактоочунун жазык сот өндүрүшүндө анын ыйгарым укуктары тапшырма ордери менен тастыкталат. Бүгүнкү күнгө чейин, С. Слесарев тарабынан тапшырма ордери тапшырылган жок, ушул себептүү аталган иш боюнча жактоочу катары катышууга укугу жок, ушуга ылайык ал кандайдыр-бир өтүнүч билдирүү, даттануу жана арыздануу сыяктуу билдирүүлөрдү жасоого укуксуз.
Ушуга байланыштуу, жазык кылмыш сот өндүрүшүнө катышуу үчүн С. Слесарев өзү укуктук талаага кайтып келүүсү зарыл жана тапшырма ордерин тапшыруу керек.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *