ИИМ: Бишкекте кытай жаранынан $280 000 жана 2 800 000 сом карактап кеткен Ж.Нуржигит кармалып, иши сотко өткөрүлдү

2019-жылдын 19-августунда, саат 14.40 чамасында Бишкек шаарынын Кожевенной көчөсүндө жайгашкан «Дордой» базаранын кампаларынын тушунан, белгисиз 4 адам, тергөөдө аныкталбаган ок-атуучу курал менен куралданышып, беттерин медициналык бет кап менен жаап, мамлекеттик белгиси В 8191 V болгон, кара түстөгү «BMW» автоунаасы менен бет маңдай келе жаткан КНР мамлекетинин жараны, 1995-жылдын 28-ноябрында туулган С. Стин башкаруусундагы «LEXUS RX-300» автоунааны сүзүп токтошуп, аталган автоунаанын ичиндеги КНР мамлекетинин жараны, 1973-жылдын 6-ноябрында туулган Г.Ж.Ю. жана Кыргыз Республикасынын жараны 1988-жылдын 21-декабрында туулган Ш.Сти кол салышып, ок-атуучу курал менен коркутуп, 280 000 АКШ долларын жана 2 800 000 сом акча каражатын тартып алышып, окуя болгон жерден качып кетишкен.

Аталган факты боюнча чогулган материал 2019-жылдын 19-августунда Жазык кодексинин 202-беренеси (каракчылык) менен Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнын кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган факт боюнча 2019-жылдын 11-октябрында кылмышка шектүү катарында 1992-жылдын 28-декабрында туулган Ж. Нуржигит кармалган.

2019-жылдын 20-декабрда кылмыш иши боюнча тергөө аяктап Свердлов райондук сотунун кароосуна жиберилген.

Азыркы учурда аталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча кылмышка тиешелүү адамдарды аныктоо максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *