ИИМ эскертет: Кылмыш жасагандыгы жөнүндө жалган маалымат тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат!

Акыркы убактарда WhatsApp мессенджеринде жана башка социалдык тармактар аркылуу кылмыш жасалгандыгы тууралуу жалган маалыматтарды жайылткан учурлар көп кездешүүдө.

ИИМ эскертет, кылмыш жасалгандыгы жөнүндөгү жалган маалымат тараткандар КРнын Жазык кодексинин 344-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ички иштер министрлиги жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу кылмыш жасалгандыгы жөнүндө жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.

Ушундай фактылар боюнча ички иштер органдарына – 102 кызматы аркылуу маалымдап коюңарды билдирет. Кыргыз Республикасынын Мыйзамын билбегендик жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *