Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » ИИМ: Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков массалык баш аламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин ден соолугу менен таанышты
КООМ

ИИМ: Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков массалык баш аламандык учурунда жарадар болгон кызматкерлердин ден соолугу менен таанышты

Бүгүн, 11-октябрда Ички иштер министринин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков ички иштер министрлигинин госпиталына барып, 4-5-октябрь күндөрү өткөн митинг учурунда жарадар болгон кызматкерлердин акыбалын сурап, ар бири менен сүйлөшүп, ИИМдин жетекчилиги керектүү жардам бере тургандыгын билдирди. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Сүйүн Өмүрзаков ИИМдин бейтапканасында жаткан кызматкерлер менен жолугушуу учурунда аларга бекем ден соолук каалап, бат сакайып кетишин каалады. Ошондой эле, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча түздөн-түз кызматтык милдеттерине аткаруу үчүн тез арада сакайып, жолдошторунун катарына кошулушуна тилектеш экендигин белгиледи.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады