ИИМ: Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин үйүндөгү окуялардын баарын телефонуна видеого тартып жүргөн…

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 244-беренеси (Барымтага алуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында К. Жолдубаеванын уюлдук телефондорундагы маалыматтарды аныктоо жүргүзүлгөн. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган факты боюнча күбө катары КСДПнын төрагасынын орун басары К. Жолдубаева суралып, анда ал А. Атамбаевдин үйүндө болуп жаткан бардык фактыларды өзүндө болгон уюлдук телефондорго тарткандыгын көрсөткөн.
2019-жылдын 10-август күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтомунун негизинде К. Жолдубаеванын уюлдук телефондору сотко чейинки өндүрүшкө маанилүү болгон маалыматтарды аныктоо жана алуу максаттында текшерүүгө алынган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *