ИИМ: Кыргызстандан Түркиянын 36 жаштагы жараны кармалды. Ал жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн

КР ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан Түркиянын укук коргоо органдары жана Интерполдун суроо-талабы боюнча Түркияда жашы жете элек өспүрүмгө сексуалдык ыдык көрсөткөн Түркиянын жараны, 1984-жылы туулган А.С. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Изделип жаткан жаран Кыргызстандын аймагына 2018-жылы келген жана республиканын ЖОЖдун биринде кара жумуш менен алектенип жүргөн.

Биринчи Май райондук сотунун чечими менен кармалган жаран тергөө абагына 1 айга киргизилди. Аны өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *