Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » ИИМ: Меербек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди
Саясат

ИИМ: Меербек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына жеткирилди

Ала-Тоо аянтындагы окуялар боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 264-беренеси (Массалык баш аламандык) менен кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

5-октябрдан 6-октябрга караган түнү тынчтык митинги массалык баш аламандыкка айланып, жаза аткаруу мекемелеринен камакта отурган ондогон жарандар бошотулган. Аталган кылмыш ишин тергөөнүн алкагында ИИМдин ыкчам кызматтары тарабынан Меербек Мискенбаев менен Рустам Ибраимов кармалды. Азыркы учурда алар ИИМдин Тергөө кызматында.

Япония Тажикстанга көзөмөл өткөрүү пунктун куруп берди

Япония орус жарандары үчүн визасыз режим киргизет

Япон агенттиги Талас-Тараз автожолундагы Үйүрмарал суусунан өткөн көпүрөнү курууга гранттык каражат бөлөт