ИИМ милиция полковниги Эшенкул Усубалиевди акыркы сапарга узатты

10-январда айтылуу аксакалыбыз Эшенкул Усубалиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты болуп өттү. Ал 2020-жылдын 8-январында 88 жашында көз жумду. Э.Усубалиев – Улуу Ата-Мекендик согуштагы тылдын ветераны, КР ИИМ Академиясынын негиздөөчүсү, бир катар мамлекеттик сыйлыктардын ээси.

Коштошуу митингинде Эшенкул аксакалдын мекенине өтөгөн эмгеги айтылып, Кыргызстандын чыныгы патриоту болгонудугу баса белгиленди.

Аксакалдын артында элине абийир  менен сиңирген эмгенинен тышкары 7 кызы жана бир уулу, 16 небереси, 18 чөбөрөсү калды.

Жаткан жериңиз жайлуу болсун!

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *