ИИМ “Мыкты Ички Иштер органы” сынагынын жеңүүчүлөрүн атады

Кыргыз Республикасынын ИИМ “Мыкты Ички иштер органы” сынагынын жеңүүчүлөрүн атады. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз укызматы кабарлады.

 Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын кызматкерлеринин коомдук тартипти сактоодо, жарандардын коопсуздугун коргоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө жетишкен ийгиликтери үчүн “Мыкты Ички иштер органы”наамына төмөндөгүлөр ээ болушту.

1-орунду ээлегендиги үчүн,  Ош облусунун ички иштер башкармалыгы Өтмө туу, сыйлык лента, Ардак грамота, атайын вымпел жана 25000 (жыйырма беш мин) сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

2-орунду ээлегендиги үчүн,  Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, Ардак грамота, атайын вымпел, 15000 (он беш мин) сом акчалай сыйлык менен сыйланды;

3-орунга ээлегендери  үчүн,  Талас облусунун ички иштербашкармалыгы сыйлык лента, Ардак грамота, атайын вымпел, 10000 (он мин) сом акчалай сыйлык жана Баткен облусунун ички иштер башкармалыгы сыйлык лента, Ардак грамота, атайын вымпел, 10000 (он мин) сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

 

Булак:KurgyzToday

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *