ИИМ орун басарлыгына буту үзүлгөнчө чуркаган «Түйүнчөктүн» дымагы

Президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун Чуй облусу боюнча штабын жетектеген Капар Батыркановдун кесепетинен ийгиликсиз жыйынтык чыгып калганын билебиз. Иш жузүндө кыйратып салгансып, дал ушул эргул ИИМ орун басары болуу үчүн буту үзүлгөнчө чуркаганы кандам ?

Дымагын кара! Убагында министр Кашкар Жунушалиев Чуй ОИИБден Батыркановду ишиндеги орой кемчиликтери учун кызматтан айдаган болчу. Эми кайра Кашкар мырза министр болуп келген соң, «куюшканга кыпчылгандай» болуп, орун басарлыкка окторулуп атса, реформага жолтоо болбойбу? Баса, алкымынын айынан «Түйүнчөк» деген каймана атка ээ болгону да МЕНТтердин арасында күлкү жаратканычы? Репутациясы «резинадай чоюлуп», Батыркановдун аброю урап калган чакта, болбой эле жогору карай тырмыша берсе, ИИМдин ичи ого бетер ирибейби? Учурдагы транспорт милициясын жетектеп отурганына алымсынбай атса, аргасыздан баш чайкайт экенсиң да. Ашкере дубалды сүзө берүү – мээ чөйчөктүн айланып калуусун жаратпайбы?

Булак: ”Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *