Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдөнүп жатат
КООМ

ИИМ: Республиканын аймагында абал туруктуу жана толук көзөмөлдөнүп жатат

КР аймагында абал туруктуу жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан толук көзөмөлдөнүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын милициясы куралдуу күчтөрдүн жана ыктырдуу элдик кошундар менен биргеликте шаардын жашоочуларынын жана конокторунун коопсуздугун күнү-түнү камсыздашып, шаардын аймагында коомдук тартипти камсыздашууда.

“Азыркы учурда Бишкек шаарынын аймагында абал туруктуу жана күч түзүмдөрүнүн, ыктыярдуу элдик кошундардын көзөмөлүндө. Коменданттык сааттын аякташы менен шаарга кирип-чыгуу ачык, коомдук транспорт токтоосуз жүрүүдө. Талап-тоноочулук жана талкалоо фактылары катталган жок.

Өлкөдө түзүлгөн кырдаалга жана Бишкек шаарынын аймагында киргизилген өзгөчө абал шартында ички иштер органдарынын кызматкерлери башка укук коргоо органдары менен бирге кылмыштарды аныктоо, бөгөт коюу жана бетин ачуу боюнча иштерди жүргүзүп жатышат.

Республика боюнча 2020-жылдын 15-октябрына карата Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 287 кылмыш менен 131 жоруктар катталган. Кылмыштарды жана жоруктарды тыкыр иликтөө үчүн тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Республика боюнча 10 миңге жакын ыктыярдуу элдик кошундар тартылып, коомдук тартипти сактоону камсыздоо жана жарандарды коргоо үчүн укук коргоо органдарына жардам берүүдө.

Андан сырткары, милициянын ишмердүүлүгү жол транспорттук кырсыктарды, жол кыймылынын коопсуздугун бузууну алдын алууга, укук бузууларды жана мыйзамсыз иш-аракеттерди болтурбоого багытталган. Ыктыярдуу элдик кошундар республиканын бардык аймактарында түзүлүп жаткандыгын белгилеп кетүү керек. Өткөн бир күн ичинде жалпысынан 22 жол транспорттук кырсык катталып, андан 5 жаран каза болуп, 39 жаран денелеринен ар кандай жаракаттарды алышты.

ИИМ автотранспорт каражаттарынын айдоочуларына жолдордо сак булуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого чакырат. Өтмөктөргө жакындаганда сак жана этият болгула. Ички иштер министрлиги айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө жол кыймылынын эрежелерин так сактоого кеңеш берет. Сиздердин жолдогу ар бир аракетиңиздерден жол кыймылынын башка катышуучуларынын ден соолугу менен өмүрү түздөн-түз көз каранды экендигин эскертет.

Ички иштер министрлиги бардык ыктыярчыларга терең ыраазычылыгын билдирет. Жаштар иш жүзүндө укук коргоо органдарынын ишенимдүү жардамчысы боло алышты. Алар коомдук коопсуздукту сактоону камсыздоого жардам беришүүдө. Бардык ыктыярчыларга бакыт-таалай, бекем ден соолук, ийгиликтерди каалайт. Адамдарга бейпил жашоону тартуулап жаткандыгыңыздар үчүн ыракмат.

Ички иштер министрлиги Бишкек шаарында киргизилген Өзгөчө абал менен коменданттык сааттын талаптарын аткарууга чакырат. Бекитилген эрежелерге жана чектөөлөргө түшүнүү менен кабыл алууну, ички иштер органдарынын мыйзамдуу талаптарына баш ийүүнү суранат.
Кандайдыр-бир мыйзамсыз иш-аракеттер жаралган болсо 102 номуруна кайрылууну суранабыз. Биз ар дайым сиздер мененбиз”,- деп айтылат билдирүүдө.

Ѳспүрүм бүтүрүүчүлѳрүбүз үчүн «акыркы конгуроо»-жашоосунун акыркы күнү болүп калбашы керек!

Япониянын Кыргызстандагы элчиси Ёсихиро Ямамура Жалал-Абадда медициналык жабдуулардын гранттык сертификатын тапшырды

Япониядагы круиздик лайнердеги карантин аяктады