ИИМ: Улан Ниязбеков милиция кызматкерлерге жана ички коопсуздуктун аскер кызматынын аскерлерине өкмөттүн сыйлыктарын тапшырды

Бүгүн, 20-ноябрда КРнын ИИМдин жыйындар залында Кыргыз милициясынын 96 жылдыгына карата ички иштер органдарынын кызматкерлерин, ИИМдин Ички коопсуздуктук аскер кызматынын аскерлерин өкмөттүн сыйлыктары менен сыйлоо иш-чарасы өттү. Бул тууралуу  ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, КРнын премьер-министринин атынан кызматтарын абийирдүү жана үлгүлүү аткаргандыктары үчүн милиция кызматкерлери, аскер кызматкерлери ыраазычылык алкыш сыйлыгы жана баалуу белек кол сааттар менен сыйланышкан. Сыйлангандардын арасында ички иштер органдары менен тыгыз кызматташкандыгы үчүн КРнын ИИМдин Коомдук кеңешинин төрагасы Ялкун Даутов да кол саат менен сыйланган.

Сыйлыктарды ички иштер министри, милициянын полковниги Улан Ниязбеков тапшырган. Сыйлыктарды тапшырган соң, ички иштер министри бул сыйлыктар кызматкерлерге мамлекетке, ички иштер органдарына сиңирген эмгектери, жасаган иштери бааланып берилип жаткандыгын баса белгилеп, мындан ары дагы мамлекеттик жогорку сыйлыктарга ээ болушуна тилектештигин билдирген.

ИИМдин башчысы мамлекеттик сыйлыкка татыган кызматкерлерди куттуктап, аларга бекем ден соолукту, талыкпас күжүрмөндүктү жана иштерине ийгиликтерди каалаган.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *