Kyrgyztoday
Kyrgyztoday » Жаңылыктар » ИИМ: Жарандарды мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана ишенип, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат
Криминалдык хроника жана окуялар

ИИМ: Жарандарды мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарына гана ишенип, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат

Жакында социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп сүйлөгөн жарандын видеосу тарап, коомдук кызуу талкуу жараткан. Аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Жазык кодексинин 313-беренесинин 2-бөлүмүндө (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 14-октябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында КР ИИМдин Криминалдык милиция кызматы тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүшүп, видеодогу жарандын өздүгүн такташкан. Ал Ош облусунун И.у.Т. жашоочусу экендиги аныкталган.

Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө И.у.Т. милиция кызматкерлерине улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган бул чагымчыл видеону тартпагандыгын, ал монтаждалгандыгын билдирген.

“Мен кыргыз, казак элин бөлүп-жаргандан алысмын. Бул видео кантип монтаждалгынын мен билбейм, муну милиция кызматкерлери аныктап, тактап берет деген ишеничтемин”,- деп И.у.Т. билдирген.

Ички иштер министрлиги жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенип, чагымчыл, жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. Коомдук тартипти бузган бардык жарандар милиция кызматкерлери тарабынан такталып, мыйзамга ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Январь айында эле 11 адам өрттөн каза тапты

Якутскидеги токойдон кыргыз жана тажик мигранттарынын сөөктөрү көмүлгөн уруксатсыз көрүстөн табылды

Якутияда зордуктоо үчүн айыпталган кыргызстандыктар соттолду