Фото – ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери кан донору болушту

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери “Кан донору бол” акциясына активдүү катышышты. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын кызматкерлери, курсанттары жана студенттери кан донорлору болушту.

Ар бир адам кан тапшыруу алдында медициналык кароодон өтүп жатышты.

Аталган иш-чара окуу жайда салтка айланып, өздүк курамдын активдүү катышуусу менен өткөрүлүп келет.

Иш-чаранын соңунда Республикалык кан борборунун кызматкерлери акцияны уюштуруп бергендиги үчүн ИИМдинАкадемиясынын жетекчилигине жана ар бир катышуучуга  ыраазычылык билдиришти.

Булак: KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *