“…Ийгилик, же болбосо жетпей калуу!”

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин камакка алынышы — ​Кыргызстандын соңку жылдардагы гана эмес — ​жалпы эле чейрек кылымдан ашуун убакыттан берки эгемендик мезгилиндеги коомдук-саясий турмушубуздагы урунттуу окуя — ​мурда эч качан болуп көрбөгөндөй жаңы бурулуш болуп калары эч кандай шек туудурбайт.

Бул факт азыркы президент Сооронбай Жээнбековго эч кандай комплиментсиз айтканда деле, — ​тири укмуштай жегич-коррупционер жетекчилердин, байлыкка эптеп жетүү үчүн бардык кылмыштарга барууга даяр туруп, баарын сатууга умтулгандардын өлкөсүнө айланып келген Кыргызстаныбыз, эми акырындап болсо да, укуктук мамлекетке айлана баштагандыгынын белгиси.

Арийне, кубанууга али абдан эле эртелик кылат. Эң соңку маалыматтарга кулак түрсөк: “мыйзамдагы ууру” боюнча кылмыш адеп иликтенип баштаганда эле өзүнүн абийирин ачкан Шамиль Атаханов (кайын журту аркылуу экс-президенттин жакындарынын бири болуп алган дешчү беле?!) жана да мурдагы генералдык прокурор Аида Салянова менен көзмө-көз жолуктурганда, экс-президент Атамбаев баягы эле демагогиялуу адатына салып, эч кандай жооп бербей коюптур. Муну да түшүнсө болот. Анткени, ар нерседен чөп башылап, аз-аздан болсо да, (жаштык курагы 70-жылдарга туш келген айылдык балдар деңгээлинде гитараны кыңгыратканды билчү, эми гана пианино ойноону өздөштүрөмүн деп жатканда, күтүүсүз тагдырга туш болгону канчалык өкүнүчтүү!) үйрөнүп алган Алмазбек Атамбаев юридикалык нюанстар тууралуу дагы бир аз үстүртөн болсо да кабары бар экендиги маалым. Анын жообу терс болобу, же такыр танганы деле — ​тергөө ишине катышкандай чечмеленип калмак.

Андан көрөкчө, олчойгон күнөөнүн моюнуна илинерин алдын ала сезгендиктен, бул тергөө жана соттук териштирүү мыйзамсыз болуп жатат деп коюп, келечектен үмүтүн үзбөй олтура берүүнү чечкендиги көрүнүп турат. Балким, азыркы жетекчилердин (мурунку өз командасынын!) деңгээлин билгендиктен, булардын колунан эч нерсе келбесин түшүнүп, жашоо оорлогондон дагы оорлоп, элдин маанайы өзгөрө баштаса, дагы бир төңкөрүш болуп кетер деп үмүт этип жаткандыр?.. Мыйзамды тааныбоо же мыйзам жоболорун билбей калуу мыйзамдык жоопкерчиликтен бошотпойт деген кыйшаюусуз аткарылчу норма бар. А эгерде өкүм чыккандан кийин деле ушинтип: “мыйзамсыз сот болду” деп, тырыңдай берсе, мурдагы ачылбай жаткан (же 2010-жылдагы апрель төңкөрүшүнө байланыштуу жана ошол эле жылдын июнь айындагы Ош окуяларындагы кан төгүүнү уюштуруу фактылары боюнча), же мурдагы бийлик тарабынан атайылап жашырылып, жабык бойдон калган жагдайлардын баарын чогултуп туруп, Гаага эл аралык трибуналына өткөрүп берип, адилет карап берүүсүн өтүнүү керек.

Атамбаевге кошуп, эки иштен бир иш демекчи, дагы бир экс-президент Роза Отунбаева баш болгон убактылуу өкмөт мүчөлөрүн, башка дагы айрым областтык масштабдагы жетекчилерди, Ош окуясында шектүү аракеттери менен эсте калгандардын баарын адамзатка каршы жасалган (“Преступление против человечества” деген эскирбей турган мөөнөттөгү кылмыш боюнча!) кылмыштар үчүн жоопко тартуу зарыл. Ошондо гана Кыргызстан Европанын эң алдыңкы өлкөлөрүндөй, укуктук баалуулуктарды аздектеген өлкө болот!..

Дегинкисин, андан бери 9 жыл өтүп кеткени деле эч роль ойнобойт. Югославиядагы этникалык кагылышууларыдын уюштуруучулары жана элдин өз ара согушуп, кырылышынан пайда көрүп, жыргап, чоң кызматтарды ээлеп келишкендер четинен жоопко тартылып жатканына күбө болуудабыз. Чет жакта өңүн өзгөртүп, жашынып жүргөн, сакал коюп алган Радован Карджичти жашыруун тыңшап жазып алган үнүнөн эле таанышып, колуна кишен салып, олтургузуп коюшту. Ага караганда биздегилер азырынча качпай-этпей, ачык эле жүрүшөт. Жалгыз гана аркы дүйнөгө кетип, бул жарыктагы жазадан кутулган Кадыржан Батыровдон башкалардын баары!.. Арийне, ал деле аркы дүйнөдө өзү жасаган күнөөсүнө жараша жооп берип жатса керек. Улуу Пушкин жазгандай: “И не избежать тебе земного суда, Как не избежать и божьего суда!” — ​деген табияттын катаал өкүмү бар эмеспи…

Кыргызстандагы андай кылмышкерлерди дагы Гаага трибуналы гана адилет жоопко тарта алары шексиз!.. Ансыз дал ушул факторду кийинки көп шылуун саясатчылар дагы көпкө чейин спекуляциячыл куралга айландыра беришет. Мына, кечээ жакында эле улуттар аралык конфликттерди чыгаруу аракеттеринен (улам-улам быкшып-түтөгөн Баткендеги кыргыз-тажик чек ара жаңжалдарын, Чаткал кенин иштетүү боюнча, “Солтон-Сары” сыяктуу “сценарийлерди” сырттан көзөмөлдөп, тымызын уюштуруп, алыстан координациялаган күчтөр бар экендиги байкалууда!) эч натыйжа чыкпай койгондон кийин, алардын тактикасы дароо алмашылды.

Фархад Баабиевдин маңбаштык менен Кой-Таштан жасаган: “Новостройкалардагы Оштуктардын үйлөрүн өрттөө керек!” — ​деген провокациялуу чакырыгы — ​байыркы кыргыз элин бири-бири менен региондор аралык кагылышууга түртүүгө умтулган өтө коркунучтуу симптом. Дегеле, кыргыздардын өз ара уруу-уруу болуп, түндүк-түштүккө жана жер-жерлерге бөлүнүп, тирешип жатып калуусун самаган түпкү теги таза эмес, адам кебетесиндеги маңкурттар эзелтен бери эле болуп келген. Алар эч убакта жөн жатышкан эмес. Ушундан сак болуу абзел. Ал тургай, мыйзам чегинде буга карата жазаны дагы күчөтүү каралышы зарыл. Мамлекеттин, элдин бүтүндүгүнө доо кетирүүгө умтулгандар эл аралык экстремист-террористтерден да катаал жоопко тартылышы зарыл.

Дегеле, андайлар жалпы кыргыз элинин, улутунун жана мамлекетинин атынан сүйлөөдөн айлансын! Анткени, алардын басымдуу бөлүгүн — ​мындан эки жылча мурда “Кыргыз Эл Баатыры” наамы ыйгарылып, бирок, түшүнүксүз себептерден улам тапшырылбай келген лидери баш болуп! — ​акыры келип кыргыз элине душмандык кылуудан да кайра тартпаган, чыныгы деңгээлдери “Кой-Таш “элдик” республикасынын баатыры” дегенге гана татыктуу байкуштар экендиги тастыкталды.

Атамбаевдин камалышына кайрылсак — ​өз үйүн түрмөгө, согуштук чепке айлантып, дзоттордон бери куруп алган экс-президенттин экинчи күнү “миленький” болуп, өз ыктыяры менен колго түшүп бериши фарс сыяктуу болду. Андан көрөкчө, акыр аягына чейин туруп, акырында штурмалаганы жатышканда, мурдатан айрымдар болжошкондой, өзүн өзү атып салса (алты балалуу спецназчы Үсөн Ниязбековдун өлүмүнө себепкер болгондун ордуна!), бул кандайдыр бир логиканы жаратмак. Эл арасында экс-президент жакшы ат менен калбаса да, жок дегенде “а-а, сыягы, биз билбеген кандайдыр бир өз принциптери бар тура!” — ​дегендей түкшүмөл жаралмак! Чын-чынына келгенде, Опумбаев сыяктуу профессионал чекисттер, жалпы ички иштер органдарынын кызматкерлери көп кечеңдетпей, чечкиндүү аракеттерге барышканы колдоого арзыйт. Антпесе, жакынкы күндөрдө эле “Баабиевчилердин” башаламандыкты баштачу “сценарийлери” ишке кирбейт деп эч ким кепилдик бере алмак эмес. “Кой-Ташта эки айдан бери күн сайын акча алып, бекер тамак ичип жатасыңар. “Дармоеддер”! Кана силердин жасаган ишиңер?!” — ​деп, алардан да сурай башташмак да…

Эч логикага сыйгыс болуп аяктаса да, Атамбаевдин кармалышы саясий соңку окуяларга катализатор сыяктуу таасир этип, окуялар тездик менен өнүгө башташын шарттагандыгы түшүнүктүү. Демейде, узакка созулган “сериалдуу” сот учурунда, тор артынан телекамерага мылжыя жымайып, чоң иш жасагандай болуп олтургандардын арасынан, күтүүсүздөн эле экс-премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу кескин түрдө начарлап, ооруканага жатып чыгууга да үлгүрдү. Наставниги Атамбаевдин өзү “эс алып жаткан” жайга барып, “люкс-номерди” ээлеп, коңшу болуп калышы — ​Исаков үчүн абдан оор психологиялык сокку болгондугу айкын. Мындай учурда ден соолугу мыкты адам деле катуу ооруга дуушар болушу ыктымал. Эгерде сот аркылуу бошотуп алууга болбой калса, төңкөрүш жолу менен соттук тергөө торунан сууруп чыгат деп үмүт кылып жатышкан адамдын колунан эч нерсе келбей калганы — ​иштин бүткөнү да… “Ишенген кожоң сууга акса…” — ​демекчи, ары жагына тобо дейлик…

Арийне, азыр деле “мен түрмөдөн Фидель Кастро, Че Гевара сыяктуу болуп, салтанаттуу бошонуп чыгамын!” — ​деген иллюзиялуу кыялдан арыла электер арбындай сезилет. Андай оору бизде тээ 2005-жылкы революциядан кийин эле башталган. Экс-президент Аскар Акаев түрмөгө олтургузган Феликс Кулов ошентип триумф менен түрмөдөн чыгып, премьер-министр болуп калган. Ошондон көп өтпөй, легендарлуу парламенттин төрагасы, өтө кексе, алысты көрө билген саясатчы Медеткан Шеримкулов качкын президент Акаевдин ишине баа берип жатып, эгерде ал чын эле күчтүү мамлекет башчысы болсо — ​эртеси аянтка чыккандардын баарын басып, Феликс Куловго өз эрки менен түрмөнү таштап кеткени үчүн дагы бир нече жыл жаза мөөнөтүн кошушу керек болчу! — ​деп айтканы бар…

Чын эле, санаторийдеги путевкасынын мөөнөтү бүтө электе, бул жер мага жакпай калды деп, эртелеп кетип калган эс алуучудай болуп түрмөдөн кетсе да, Кулов кийин чоң саясаттагы чечүүчү фигуралардын бирине айланган. Кийинки 2010-жылдагы төңкөрүштөн соң, мурда коррупция боюнча соттолгон Исмаил Исаков эч сот чечими жок эле түрмөдөн бошотулуп, кийин гана мыйзамдык негизде, “задним числом” акталган. Феликс Куловдун кийинки Жогорку Соттогу “реабилитациясы” (премьер-министр кездеги!) юридикалык жактан негизделгени менен, азыркы учурга чейин уланып жаткан айрым кылмыш иштери менен үндөшүп турат…

7-апрелдеги төңкөрүш аны уюштургандар үчүн оң жагына оогондон кийин, УКМКнын жертөлөсүнөн “оптом” чыгарылган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айтпай эле коелук. Баса, алардын айрымдары түрмөгө өздөрү барып олтурушканы маалым. Сыягы, өтө коркунучтуу, башкарууга жана болжоого мүмкүн болбогон нерсени уюштуруп алышканын көргөн соң, “мен түрмөдө жаткан болчумун, эч нерсени билбеймин, уккан да эмесмин!” — ​деш үчүн алдын ала даярдык көрүлсө керек!..

Макул, алар өздөрүн саясий жактан актап алышты дейлик. А бирок, “Ата-Мекенчилер” идеялык вдохновитель болушкан мародерлук кылмыштар эмне үчүн жарым-жартылай, чала иликтенген бойдон кала берди? Мурдагы Ички иштер министри жана курулай сүйлөй бербей турган профессионал адис — ​Зарылбек Рысалиев анчасынын далили түз далилденгенин, канчасыныкы кыйыр далилденгенин улам кайталай берип чарчадыбы, ким билет, бүдөмүк болуп калды.

“Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун үстүнөн чыккан мурдагы соттук чечим жокко чыгарылышы чоң резонанс жаратты. Бул деле түшүнүктүү. Анткени, Текебаев бир жактуу кароого эч мүмкүн болбогон, өз тарапкерлери да, каршылаштары да жетиштүү санда болгон фигура, эгемендиктин алгачкы жылдарынан бери саясий аба-ырайын түзүп келе жаткан саналуу саясатчылардын бири. Сот абдан куу — ​“социологиялык” алдын ала изилдөөгө окшогон чечим кабыл алгандыгы көзгө урунат: үй камагына чыгарган эки көзү таңылган, фемиданын сокур өкүлүнүн кулагы дайыма сак бойдон кала бергендиктен, коомчулук реакциясын илгиртпей угуп жатат. Соңку сот чечими дал ушул жагдайга байланыштуу болот. Айрымдар ашыга жарыялап жибергендей, “боштондукка чыккан Текебаевди” колдошкондор көбүрөөк болуп кетсе, — ​биротоло актап салышы да мүмкүн.

Ал эми, тескерисинче болсо… дал мына ушул жерде кызык жагдай жаралат. Текебаев үчүн 2021-жылдын ноябрында бүтө турган мөөнөтү турмак, ал үч жылга жакын “олтуруп койгон” мөөнөтү да жокко чыгарылып калды. Эгерде кайрадан айыптуу деп табылып, сот тарабынан жаңы мөөнөткө кесиле турган болсо, жаза мөөнөтүн кайрадан “нөлдөн” баштап өтөй баштайбы?.. Анда эле юридикалык казус жаралып, Текебаев эгемен Кыргызстан тарыхында бир жасаган кылмыш үчүн эки ирет жаза мөөнөтүн өтөгөн адам катары калат.

Бул вариантты да такыр жокко чыгарууга болбойт. Айрыкча, алдыда парламенттик шайлоолордун жакындап келе жатканын эске алганда. Себеби, партиялар арасындагы атаандаштык күч алып, тигил же бул тоскоолдук кыла турган партияларды оюндан чыгаруу аракеттери башталат. СДПКнын харакирисинен кийин, баш көтөргөн, эски партиялардын бири — ​“Ата-Мекен”. Бирок, ал азыр өз лидеринин абалына байланыштуу — ​чалажан болуп турат.

Ишенбек Муртазаев

Булак: «Жаңы Ордо»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *