Икрамдын кылмыш тобу кармалды

Икрамдын кылмыш тобу көбүнесе тоноо жана опузалоо аркылуу бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн тартып алууга шектелүүдө.

Тагыраагы, Жалал-Абаддын Сузак районунда Икрам аттуу адам башкарган кылмыштуу топ кармалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Айрым далилдерге токтололу, ушул жылдын 2-июль күнү болжол менен саат 22:00 чамасында Сузак районунда Икрам аттуу жаран өзүнүн шериктери менен биргеликте кантип оңой-олтоң акчага туйтунуу жолун ойлонуштуруп отуруп, агасынын “Продуктовый рай” дүкөнүндө иштеген 34 жаштагы А.Б. аттуу адамды телефон аркылуу чакырышат. Ошентип чакырган
киши үйүнө келген соң Икрам достору менен ага басым көрсөтүп, колундагы 33 миң сомдук “Самсунг” смартфонун жана 300 миң сомдук Хонда-Фит унаасын тартып алат. Муну менен эле чектелбей ал жарандын Сузактагы үйүн жана андан башка дагы эки турак жайынын документтерин тартып алууга жетишет. Бул окуядан соң Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө А.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, жабырлануучуга келтирилген жалпы чыгым 5 млн. 333 миң сомду түзгөнү аныкталат. Бул арыздын негизинде Жалал-Абад ОИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери атайын ыкчам иш-аракетерди жүргүзүп, 14-июль күнү Жалал-Абад шаарынын тургундары кармалган. Шектүүлөр адегенде убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бирок кийинчерээк соттун чечими менен үй камагына чыгарылган.

Булак: “Майдан.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *