Илим Карыпбеков таянесин акыркы сапарга эртең Таластан узатат

КТРКнын мурдагы жетекчиси Илим Карыпбековдун социалдык тармакка таанымал таянеси каза болду. Бул тууралуу кечээ кечинде Илим мырза өзү “Фейсбуктагы” баракчасына пост калтырды.

Анда ал: “Таянем биз менен 88 жашында коштошту. «Мен каза болгондо ыйлабагыла», — деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. Сөөгү 3—октябрда, Талас облусу, Талас району, Балбал айылында жерге берилет”,-деп жазды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *