Илим жана билим кызматкерлеринде да көйгөйлөр жетиштүү!

Илим жана билим кызматкерлеринин көчмө пленумуна Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов, билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин төрагасы Асылбек Токтогулов, профсоюз уюмунун республиканын көпчүлүк аймактарындагы мүчөлөрү, Баткен облусунун район-шаарлардын башчылары катышты.

Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Алишер Абдрахманов Пленумда сөз сүйлөп, ага улай билим берүү тармагындагы үзүрлүү эмгектери, кызматтык милдеттерин аткаруудагы жетишкен ийгиликтери жана Баткен областынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымдары үчүн Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы Асылбек Токтогуловго жана Билим берүү жана илим министрлигинин статс- катчысы Калысбек Шадыкановго “Баткен облусуна  15 жыл” эстелик медалын салтанаттуу түрдө тапшырды.

Баткендеги бул Пленумда билим берүү уюмдарынын укуктук, социалдык-экономикалык кызыкчылыктарын коргоо жана коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу багытында, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары тарабынан билим берүү кызматкерлерине жеңилдиктерди жана кепилдиктерди берүүнү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жүзөгө ашырылышы жөнүндө маселелердагы кең-кесири талкууланып, акырында келечектүү чечим кабыл алынды.

Булак: «Майдан.kg»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *