Илмияновдун кайсы буюмдары иш материалында сакталып калды?

Бүгүн, 30-октябрда, Октябрь райондук сотунда Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири, шоопуру Икрамжан Илмияновдун иши жыйынтыкталып, чекит коюлду. Бүгүн сот Дамирбек Назаров И.Илмияновдун күнөөсү далилденгенин айтып, 7 жылга кесилген, үй-мүлкүн конфискациялап, 160 миң сом айып салынган өкүмүн окуп берди.

Мындан тышкары, Илмияновдун жана анын туугандарынын Баткен жана Бишкек шаарындагы бир катар мүлктөрү, Сокулуктагы жер тилкелери менен машиналары камакка алынды.

Ошондой эле сот өкүмдү окуп жатканда Илмияновдун иши боюнча далил буюмдар иштин материалында сактала турганын да айта кетти.

Сакталууга тийиштүү далил буюмдардын тизмеси:

– 2018-жылдын 18-октябрындагы Москва—Дубай каттамындагы билет;

– 2018-жылдын 19-октябрындагы Дубай—Нью-Йорк каттамындагы билет;

– «Оптима банк» ААКтын 2017-жылдагы июндан сентябрга чейинки банктык көчүрмөсү;

– «Оптима банк» ААКтын 2017-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейинки банктык көчүрмөсү,

– «Дизель комплект» ЖЧКнын доллардык эсеби;

– «Дизель комплект» ЖЧКнын 2018-жылдын 1-январынан 1-сентябрга чейинки доллардык эсеби;

– Абылгазиев М.К., Алыбаев М.С., Амалидинов С.Д., Анарбек уулу Ч., Арстанбек уулу, Бейшенов, Вишняков, Илмиянов, Сагымбаев, Төлөмүшов, Чымырбаева, Шакировдун телефон чалууларынын деталдары.

Эске сала кетсек, Икрамжан Илмиянов Орусиядан кармалып, Кыргызстанга алынып келингенин УКМК 2018-жылы 20-октябрда кабарлаган. Ага Башкы прокуратура «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси менен иш козгоп, «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча  өлчөмүндө пара алган» деген айып койгон. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал «БелАЗ» үлгүсүндөгү 12 даана машина камакка алынган белоруссиялык «Дизель комплект» компаниясына 150 миң доллар суммадагы каражатка жардам көрсөткөн. 2018-жылдын сентябрында «Дизель комплект» компаниясынын башкаруучусу Асел Чымырбаева Илмияновду жоопкерчиликке тартуу тууралуу арыз жазган. Ал эми прокурор болсо Илмияновдун күнөөсү толук далилденгенин билдирип, 7,5 жылга түрмөгө кесүүнү өтүнүп келген.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *