Иманалиевдин айтканында калет бар

ЖКнын атамекенчи депутаты Каныбек Иманалиев, «Бизде өзү 6 тик учак бар, алардын экөө жараксыз абалда. Калган төртөөнүн экөөнү АКШдан, экөөнү Орусиядан жардамга алганбыз. Ошол төрт тик учакты Уганданын фирмасы аркылуу согуш болуп аткан Сомалиге ижарага бермек болуп жатышат. Кыргызстанга бир тыйын акча түшпөйт, каражат Дубайдагы эсепке түшмөк болот. Мындан дүйнөлүк беделибизге доо кетти, согуш болуп аткан өлкөгө жардам берип атабыз. Экинчиден биз аларды жардамга алганбыз, үчүнчү өлкөгө берүүгө акыбыз жок. Үчүнчүдөн ошого кол койгон адам жооп бериши керек, бул кылмыш» – деп билдирди. Албетте, Иманалиевдин айтканы чын болсо анда бул кылмыш. Мындай ишке киришип, тик учактарды соодалап жаткандарга кылмыш иши козголууга тийиш.

Булак: “Ачык саясат”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *