Индира Кабылбаева, ырчы: “Аябай жашыкмын. Катуу сөз уксам ыйлап жиберем…”

Качан көрсөң колунан комузун түшүрбөй, көөнөрбөс ырларды көңүлгө жага тургандай аткарып элдин алкышын алып жүргөн ырчылардын катарында Индира Кабылбаева да бар. Жакында эле жаңы чыгармасына клип тартып, аны көрүүчүлөрдүн сынына койдум дейт ырчы. Жакшы ырлары менен угарман журтчулугунун жан дүйнөсүн аруулап жүргөн ырчы айым менен маектештик.

– Чыгармачылыктагы жаңылыктарыңыз?

– Чыгармачылыкта жаңылыгым, башка ырчылардай эле жаңы ырлардын үстүндө иштөөдөмүн. Адылбек Кыязов агайдын обонуна таандык бир ырга сөз жаздырдык. Азырынча кайталап ырдап өзүмө сиңирип жатам. Мындан сырткары эстрадалык вариантта аткарайын деп аранжировкага берем. Өзүм көбүнчө комуз менен ырдагандыктан күндө кайталап, репертуарымды кеңейтип, жаңы ырларды жаттап турам. Жакында эле “Сен менин түгөйүмсүң” деген сөзү А.Акматалиевге, обону Г.Сагындыковага таандык чыгармага клип тарттырдым.

– Азыр клип тартуу мурдагыга салыштырмалуу аябай өнүктү. Сиз да жакында клип тарттырдым деп жатасыз, өзгөрүү байкадыңызбы? Телевидениелер жөн эле алып жатышабы же талап бар бекен?

– Чын эле кыргыз эли абдан талантка бай эл экенбиз. Ырчыларыбыз, клипмейкерлерибиз абдан көбөйдү. Заманбап жашоодо жашап жаткандан кийин бардык жактан өсүп-өнүгүп жатабыз. Бул нерсе кубандырат. Ар биринин өзүнүн тартуу ыкмасы, стили бар дегендей. Менин да жакында жогоруда аталган ырыма клип тарттык. Туратбек Акматалиев деген бала тартты. Биз Бишкек шаарында эле тарттык. Мүмкүн чет өлкөдө тартылсам башкача бир өзгөчөлүктөрү болмок. Бирок баары бир мурдагыга салыштырмалуу өзгөрүү бар. Телевидениелер эгер чыгарма ага тартылган клип сапаттуу болсо жөн эле алышат.

– Чыгармачыл инсандар эмоционалдуу келишет эмеспи. Эмоцияга көп алдырасызбы же тескерисинчеби?

– Чын эле чыгармачыл адамдар эмоционалдуу келишет деп коюшат. Мен бирөөгө аябай жиним келип жатса да билдирбейм. Бирөө жарым мага кичине катуураак сүйлөсө же кайгылуу кино көрсөм деле ыйлап жиберем. Аябай жашыкмын. Бирок бат эле жазылып, кайра күлүп жүрө берем. Кээ бирлер сиз үйдө да балдарыңызды кыйкырып урушпайт болушуңуз керек деп айтып калышат.

– Атактуу болуу көбүнө жагат. Атактуулуктун оң жана терс жагы сиз үчүн?

– Ким гана болбосун атактуу болгусу келет. Атактуулуктун оң жагы, эли-жериң үчүн ийгилик алып келсең, чет өлкөгө чыгып кыргыздын желегин желбиретсең, биз сыймыктанган ушундан инсан бар эле деп атың калса, эл сүйүп уккан чыгармаларың калса мына ушунун баары эле атактуулуктун оң жагы болбой эмне? А терс жагы болсо, эл болгондон ар бирине жагыш кыйын. Ар кандай ушак-айың, жаман сөздөр ээрчийт. Аябай таланттуу болсо дагы аны колдогондун ордуна кээде ич күйдүлүктөн көрө албастар пайда болуп, анын айынан түрдүү кеп ээрчип жүргөнүн бардыгыбыз эле баамдап жүрбөйбүзбү.

Нуркыз Рыскул кызы

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *