Индияда акыркы 2 күндө чагылгандан 107 адам набыт болду

Индиянын Бихар жана Уттар-Прадеш штаттарында акыркы эки сутканын ичинде чагылгандын кесепетинен кеминде 107 адам набыт болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июнда чет өлкөлүк ММКлар жазып чыкты.

Уттар-Прадеш штатында акыркы 24 сааттын ичинде 24 гана адам каза болду. Ал эми кечээ, 25-июнда Бихар штатында чагылган 83 адамдын өмүрүн алган.

Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө болжол менен 5,3 миң доллар компенсация төлөнөт.

Индия бийлигинин айтымында, 2017-жылы өлкөдө чагылгандан улам 2885 адам, 2018-жылы – 2357 адам көз жумган. 2019-жылга карата азырынча маалымат жок. Салыштыруу үчүн, АКШда 2019-жылы чагылгандын кесепетинен 20 адам көз жумган.

Индияда көбүнчө муссон мезгилинде талаада иштеген дыйкандар ушундай өзгөчө кырдаалдын курмандыктары болушат. Май жана июнь айлары эң коркунучтуу ай деп эсептелет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *