Индияда жер көчкүдөн 46 адам каза болду

2017-жылдын 13-августунда жааган жаандын кесепетинен Индия өлкөсүнүн түндүгүндө Химачал-Прадеш штатында катталган жер көчкүдөн 46 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголгон. Бул туурасында маалыматты ӨКМдин басма сөз кызматы расмий сайтына жайгаштырды.

Жер көчкү Манди шаарынан 35 чакырым алыстыктагы Манди-Патханкот шаарларын бириктирген унаа жолдо катталып, ошол учурда жолдон өтүп бараткан 2 автобусту (1 автобусту жер көчкү толуп басып калган) жана бир канча жеңил унааларды басып калган.

Куткаруу иштери жүргүзүлүп, куткаруучулар тарабынан 5 адам куткарылган, издөө иштери улантылууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *