Индиянын багына жаралган Махатма Ганди

XIX кылымдын акырында XX кылымдын башында адамзат тарыхында жерди титиреткен бир нече­леген коомдук өзгөрүүлөр болгон. Өзгөчө ал окуялар тигил же бул элдердин капаста кармалган ко­лониализмден, монархиялык бийликтерден кутулушу болгон. Алсак, жер жүзүндөгү мамлекеттер­дин ичинен эң калкы көп делген, элинин саны миллиарддаган Индиядагы өзгөрүү. Ал өзгөрүүнүн башында 250 жылдык Улуу Британиялык колониалдык туткундан кутулуу кыймылынын жетекте­ген философ Махатма Ганди турган. Теректей бой бербесе да теректен да узун акыл берген бул улуу инсан өз элинин тагдыры үчүн, кан төгүүдөн баш тартып тынчтык жол менен колониалдык чын­жырды үзүүнү, диндик касташууну да тынчтык жолу менен жасоо керек деп нечендеген провинци­яларды жөө кыдырып элди ойготуп, массаны артынан ээрчитип, максатына жеткен. Ошондон кийин жер планетасында күч колдонбоо идеясынын негизинде дүйнөлүк философияда «Гандизм» деген агым пайда болгон. Улуу инсан, Улуттук лидер Махатма Гандинин ошол теориясы азыркы кезде актуалдуу.

Булак: «Айгай-пресс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *