Иран Тажикстан элчилигине каршылык нотасын тапшырды

Тажикстандын Ирандагы элчилигине Тегеран каршылык нотасын тапшырды. Буга тажик бийлигинин  чет өлкөлүк туристтерге кол салуунун артында Ирандын изи бар экенин айтканы себеп болду. Тегеран бул билдирүүлөрдү негизсиз деп атады.

Иран ТИМи велосипедчендерге болгон кол салууну айыптап, аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

​ 29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган.

31-июлда Тажикстан ИИМи төрт туристтин өмүрүн алган чабуулдун артында “Ислам кайра жаралуу партиясы” жана Иран турарын билдирген. Прокуратура кол слуу диний уюмдун активисттеринин бири Кори Носирдин буйругу менен жасалган деп эсептейт. Божомолдор боюнча чабуулдун максаты – Тажикстандагы коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруу болгон. Министрлик кылмыштуу топтун башчысы, 33 жаштагы Хусейн Абдусамадов 2014-2015-жылдары Иранда машыгуудан өткөнүн билдирген.

“Ислам кайра жаралуу партиясы” бул айыптоолорду четке кагып, кол салууну айыптай турганын жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *