Ирандын жаңы элчиси өз ишин журналисттерден баштады

30-cентябрда Иран Ислам Республикасынын Кыргызстанга жаңы дайындалган толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Мужтаби Рузбахани жергиликтүү массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту.

Алгач дипломат өзүн тааныштырып, мурда Ирандын Амман, Россия, Филиппин өлкөлөрүндө элчиси болуп, жакында Кыргызстанда бул бийик даражалуу миссияны аткара баштагандыгын билдирди.

“Дини, дили бир, тили окшош ирандыктар менен кыргызстандыктардын ортосунда кылымдардан бери достук мамиле бар. Албетте, бир учурларда өйдө-төмөн да болду. Анткен менен биздин кызматташтыгыбыз туура багытта өнүгүп-өсүп отурду. Улуу урматтуу президентибиз Хасан Руханинин алгачкы чет элдик иш сапары Кыргызстанга жасалгандыгы да биздин достугубуз менен кызматташтыгыбыздын бекемдигин далилдеп турат. Албетте, анда ШКУнун саммити Бишкекте өткөн болчу. Ирандын президенти жакын арада дагы бир ирет касиеттүү кыргыз жергесине расмий иш сапар менен келип-кетүүгө ниеттенүүдө. Мындай жогорку деңгээлдеги сапарга азыр даярдыктар көрүлүп жатат. Биз тиешелүү документтерди даярдашыбыз керек. Өткөн жылы Кыргызстандын президенти улуу урматтуу Алмазбек Атамбаевдин Иранга жасаган жогорку деңгээлдеги расмий иш сапары биздин өлкөдө чоң саясый окуя катары кабыл алынып, эки мамлекеттин ар тараптуу мамилесин ого бетер бекемдеп койду. Ошол иш чаранын учурунда Иран менен Кыргызстандын ортосундагы онго жакын документтерге кол коюлду. Тилекке каршы учурда биздин соода-экономикалык мамилелерибиз өз деңгээлинде эмес. Анын виза, түз аба каттамынын жоктугу, транспорт көйгөйү сыяктуу бир нече жүйөлүү себептери бар. Анткен менен Иран дүйнөдө экономикасы өтө жогору өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет. Мындай ийгиликке биз 37 жылдык эл аралык санкцияга карабай жетишкендигибизди белгилеп койгум келет. Өз кезегинде Иран Кыргызстан менен транспорт, транзиттик жүк ташуу, айыл чарбасы жана башка тармактарда кызматташууга даяр. Мындан тышкары биз Сиздер менен гуманитардык багытта иштешүүгө кызыкдарбыз. Анткени бир гана саясый, экономикалык  эмес, гуманитардык жактан кызматташуу биздин ортобузду ого бетер жакындатат.

Иранда илим, техника, медицина, жогорку билим берүү жогору өнүккөндүктөн, биз Кыргызстан менен ушул багытта да кызматташууга кызыкдарбыз. Албетте, ирандык ишкерлердин Кыргызстанга кызыгуусу жогору. Ошондуктан жакын арада жоон топ жеке ишкерлер бул жакка келмекчи.

Бирок айрым жагдайлардан улам Иранда Кыргызстан, Кыргызстанда Иран тууралуу маалымат жетишсиз болгондуктан, бири-бирибиз тууралуу ортодо боштук да бар. Дал ушул жагдайдан улам мен элчи катары алгачкы ишимди белгилүү массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери катары Сиздер менен жолугушуудан баштап отурам. Ошондой эле биз кыргызстандык журналисттердин Иранга болгон иш сапарын уюштурууну пландаштыруудабыз”,- деди элчи.

Журналисттин: “Иранда чет элдик ММКлар менен иштешүү планы барбы?”,-  деген суроосуна элчи “Бул багытта биздин өлкөнүн чоң тажрыйбасы бар. Алар тренинг, тегерек стол, Иранга болгон иш сапар. Өз кезегинде биз үчүн кыргыз журналисттери менен пикир алышуу кызыктуу”,- деп жооп берди.

“Мезгил жарчысы” гезитинин баяндамачысы, перс акындарынын ырларын кыргызча которуп жүргөн Мирзахит агай Ирандын Кыргызстан менен кызматташтыгынын элчи өзү белгилеген гуманитардык багытта басым жасалып жаткандыгы өтө туура жана маанилүү экендигин белгиледи. “Иран, байыркы перс эли дүйнөдөгү маданияты менен адабияты өтө жогору өнүккөн эл болуп саналат. Бул айтканыма БУУнун Башкы кеңсесинде Саадинин ыры дүйнөлүк беш тилде жазылып турушу эле кашкайган далил болуп саналат. Албетте, мен перс акындарынын ырларын кыргызчага которгон акындардын талантына шек келтиргим келбейт. Бирок алар негизинен орус тилинен которулгандыктан, түп нускадан алыстап кеткен учурлар да жок эмес. Ошондуктан түз эле которуу керек деп эсептеймин. Анткени азыр бизде иран тилин мыкты билген адистер көп”,- деп иран тилинде сүйлөдү.

Ал эми “Мезгил” гезитинин башкы редактору Назаркул Жоошбаев мунайга болгон дүйнөлүк баанын арзандашы Ирандын экономикасына зыянын тийгизбейби жана жакында АКШда боло турган президенттик шайлоодо Иран үчүн кайсы талапкер менен иштешүү ыңгайлуу болорун сурады. Бул суроого элчи: “Ооба, бизде мунай менен газдын чоң кору бар. Анткен менен сыртка көп экспорттобойбуз. Ошол эле учурда эл аралык санкцияга карабай өлкөнүн экономикасы өнүгө берди. Биз ОПЭКтин мүчөсү катары кайра өз ордубузду ээледик. Бирок мунай баасына баанын түшүшү мамлекеттин экономикасына терс таасир тийгизе албайт. Себеби экономика мунайга көз каранды эмес. Башка өлкөлөрдүн экономикасы мунайга көз каранды экендиги белгилүү”, – деди.

Экинчи суроо боюнча Иран АКШ президенттигине талапкерлердин эч кимисин тандабай тургандыгын айтып, “АКШ бизге кандай мамиле жасаса. Ошондой жооп алат”,- деди.

Белгилүү журналист Бейшенбек Бекешов кыргыз жана иран элдери сыяктуу эле Кыргызстан менен Ирандын да тарыхы, тагдыры окшош экендигин айтып, эки мамлекетте тең диктатордук режимди кулаткан революциялар болгондугун белгиледи. Ошондой эле ал өзү беш ирет Иранда болуп, эки мамлекеттин маданий алакасына аздыр-көптүр салым кошуп келаткандыгын кошумчалады жана мүмкүн болсо кыргыз журналисттерин Иранга көбүрөөк жөнөтүүнү айтты.

“1976-жылы Ирандагы Ислам революциясы бир гана шахтын үй-бүлөлүк диктатуралык режимин кулатуу эмес, маданий да революция болгон. Анткени Иран илим тармагында да көптөгөн ийгиликтерди жаратууда. Тилекке каршы өз мезгилинде Иран террорчулуктун азабын да тартып, 10 миңдеген жарандары каза болгон. Орто Чыгыш аймагында биздин өлкө террорчулукту ооздуктоого жетишкендигин да айта кетишим керек. Эгер биз ушул терс көрүнүшкө бекем каршы күрөшпөсөк, Ирак, Сирия сыяктуу эле жок болуп кетмекпиз”,- деди элчи.

“Пирамида” телевидениесинин журналисти Керез Жукеева элчи мырзаны конокко чакырып, өз өлкөсү тууралуу кеңири айтып берүү сунушун жолдоду.

“Биз Кыргызстан менен туризм тармагында кызматташууга даярбыз. Анүчүн жарандарыбыздын кирип-чыгуусун жеңилдетишибиз керек. Бул багытта Иран алгачкы кадамдарды жасады. Мисалы, Кыргызстандын жарандары Иранга түз эле учуп барып, визаны аэропорттон жасай алышат. Албетте, ортобузда түз авиакаттамдын жоктугу чоң көйгөй болууда. Бирок авиакомпаниялардын өз чыгымы акталбаса, бул идея ишке ашышы кыйын. Жыл сайын Ирандан жети миллионго жакын адам чет жактарга турист катары чыгышат. Алардын көпчүлүгү Түркияга  барышат. Себеби биздин бул өлкө менен ортобузда визасыз каттоо мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кыргызстан жаратылышы кооз өлкө катары ирандыктар бул жакка келип, эс алып кетүүгө аябай кызыгышат. Мындан тышкары Иранда медицина жогору өнүккөндүктөн, Кыргызстан менен медициналык туризмди өнүктүрүүгө кызыкчылыгыбыз бар. Эгер ушул байланыштар өнүксө, анда товар алмашуунун деңгээли да өзүнөн өзү жогорулап кетет эле”,- деди элчи.

Inter.kg сайтынын журналисти Нургазы Мусаев Ирандагы мамлекеттик түзүлүшкө, андан үлгү алууга жана Палестина көйгөйүн кантип чечүүгө болоруна кызыкты. “Биз Кыргызстанды көз карандысыз өлкө катары тааныйбыз. Ошондуктан башка мамлекеттерге көз каранды болбош керек. Эгер тажрыйба алмашуу кызыкчылыгы болсо, анда кызматташууга даярбыз. Ар бир мамлекет өзүнүн ички саясатына жараша башка мамлекеттер менен мамиле түзөт. Ал эми Палестина маселеси боюнча, качан гана бул мамлекет өз укугуна ээ болгондо тагдыры чечилет. Албетте, Палестина дүйнө жүзүндөгү баардык мусулмандардын жүрөгүн өйүп келүүдө. Бирок ал көйгөйдү күч менен эмес, сүйлөшүү жолу менен гана чечүү керек”,- деди элчи.

Эмилбек Момунов

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *