Ирина Карамушкина бүгүн Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодуранованы кошпой, “Кыргызстан Социал-демократтары” аттуу жаңы партия түзүшкөнүн жарыялады

Бүгүн, 21-майда КСДПчы депутат Ирина Карамушкина коомчулукка ачык кайрылуу жасап, анда Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодуранованы кошпой жаңы “Кыргызстан социал-демократтары” партиясын түзүп, каттоодон өткөрүшкөнүн жарыялады.

“Бүгүн массалык маалымат каражаттарына Адил Турдукуловдун “Алмазбек Атамбаевдин балдары Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын негиздерин бузуп жатат” деген кезектеги билдирүүсү жарыяланды”, – деп баштайт өз кайрылуусун Ирина Карамушкина.

“2019-жылы 6-апрелде, КСДПнын  съездинин алдында азыр иштеп жаткан партиянын  Саясый кеңешинин бардык мүчөлөрү Адил Турдукуловдун Саясый кеңештин курамына киргизилишине каршы болушканын билдиребиз. Бирок, Алмазбек Шаршенович, адамдар өзгөрүшү мүмкүн деген ойго ишенип (аны адамдардын абийирдүүлүгү тууралу ишеними канча жолу алдады) Саясый кеңештен Турдукуловду мүчөлүккө кабыл алууну суранды”, – дейт Карамушкина.

“Бүгүн Адил Турдукулов партия мүчөлөрү тарабынан социал-демократ катары эмес, партия мүчөлөрүн бири-бирине тукуруу, интригалардын эсебинен өз имиджин көтөргөн журналист катары кабыл алынат”, – деди депутат.

“Алмаз Атамбаевдин балдарынын популярдуулугунун өсүшү, аларды элдик колдоо, партиялаштардын алардын тегерегине биригүүсү дымагы күчтүү Адил Турдукуловдун кызганычын пайда кылып, былтыр “Азаттыкка” КСДПны башкаруу дымагы бар экенин жашырбай маек берген. КСДПнын убактылуу лидери Асел Кодуранова менен Кундуз Жолдубаева Алмаз Атамбаевди ачык колдобой калышканын жана Адил Турдукулов тарапка ооп,  Атамбаевди сатып кеткен Туйгуналы Абдраимов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкандарын эске алып, биз “Кыргызстан социал-демократтары” деген ат менен жаңы партия түзүп, каттоодон өткөрдүк. Жаңы партия алдыдагы парламенттик шайлоого өлкөдөгү бийликти алмаштырууга жөндөмдүү, эрктүү жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу менен даярданып киришти. Мындан ары биздин КСДПнын бардык иш чаралары жана жолугушуулары Адил Турдукулов, Кундуз Жолдубаева жана Асел Кодурановансыз өтөт”, – деп жыйынтыктайт Ирина Карамушкина.

Булак: KyrgyzToday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *