Иркутскта “Боярышник” лосьонун ичип мерт кеткендердин саны 60тан ашты

Сибирдин Иркутск аймагында парфюмериялык кошулма – лосьон косметикалык каражатын ичип каза тапкандардын саны 60тан ашты. Бул тууралуу “Интерфакска” саламаттыкты сактоо министрлигинин аймактык маалымат катчысы Татьяна Шкурская билдирди. Ооруканада 40 адам дарыланууда.

Бул каражатты сатып иштеген 11 киши кармалды. Алардын айрымдарына айып тагылды. Иш Орусиянын тергөө комитетинин борбордук аппаратына жөнөтүлдү. Шаршембиге караган түнү мекеменин башчысы Александр Бастрыкин Иркутскта чукул жыйын өткөрдү.

“Боярышник” аттуу каражаттын курамында алкоголь бар. Аны ичип алып жабыркагандар 17-декабрь күнү кечинде ооруканага жеткириле баштаган. Мындан улам аймакта өзгөчө кырдаал жарыяланып, “Боярышникти” сатууга тыюу салынган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *