Иса Өмүркулов деген өзү ким?

Былтыр 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду  өз катарынан чыгарганын жарыя кылды. Партиянын саясый кеңеши өз отурумунда бул чечимди бир добуштан кабыл алышкан. Иса Өмүркуловдун “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү менен болгон жолугушуусү бул чечимге негиз болгон. Ага чейин КСДПнын штабында бул кыймылдын социал-демократтарга эч кандай тиешеси жок, ал эми кыймылдын мүчөлөрү азыркы учурда партиянын мүчөлөрү эмес, деп бир нече жолу билдирүү жасашкан. Ошондуктан Иса Өмүркулов өзүнүн жосунсуз кадамдары менен социал-демократарды уятка калтырып, партиянын катарынан чыгарылып гана тим болбостон, Саясый кеңеш аны Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын төрагалык кызматынан кетирүүнү да сунуш кылган.

Тагдырдын тамашасын караңыз, ошондон бир күн мурун эле Иса Өмүркулов “Sputnik Кыргызстана” жаңылыктар компаниясына интервью берип, партиянын ичиндеги “ынтымакты жана биримдикти” сактоонун зарылдыгы тууралу айткан. Бирок, журналисттин ““Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда сиз аларды колдодуңузбу” деген түз суроосуна эки жолу кайталап сураса да жооп берүүдөн эки жолу тең кескин баш тарткан. Өмүркуловдун мындай таналгыс фактыларды унчукпай коюп, жаап-жашырып  же кооз, бирок маанисиз сөздөр жана шылтоолор менен кутулуп кетүү адаты бүгүн эле пайда болгон жок. Эгер анын бүт өмүр баянына жакшылап үңүлүп, карап көрсөңүз, бул Иса Шейшенкуловичтин анык кредосу экенин билесиз.

2017-жылы Өмүркулов өзүнүн кирешелер тууралу декларациясына мүлктөрүн толук көрсөтпөй койгону билинип калып, жаңжал чыкканда да бети кызарбаган мамлекеттик чиновник колунан келишинче буйтап, эң маанилүү ыңгайсыз суроолорго жооп берүүдөн дегеле баш тарткан. Ал өзү жазып толтурган декларация боюнча Өмүркулов өтө эле жупуну жашаган, алтургай депутаттык мерчем менен эсептегенде кедей болгон. Жеке менчик үйүм жок, машинам жок, болгону бир атканам жана 25 гектар эле жерим бар деп көрсөткөн. Чындыгында эринбеген журналисттер бир аз эле тереңдеп чукулап көрүшкөндө такыр башка көрүнүштөрдүн бети ачылган. Өмүркуловдун аялы Толкун Курманова “Марко Барокко”  соода ишканасынын ээси болуп чыкты. Мамлекеттик каттоо кызматы Толкун Курманованын атына бир эле үйдөн 5 батирди каттаган, ошол эле үйдөн дагы 2 квартираны Толкун Курманованын  бир тууган агасына жаздырышкан. Өмүркуловдун энесине жана үч баласына да бир нече кыймылсыз мүлктөр катталган. Кымбат баалуу машинасы да бар болуп чыкты, жер аянттары 25 гектар менен гана чектелбейт экен. Анын үстүнө Иса Өмүркулов ар биринин баасы $30 миңден болгон 200 баштан ашык асыл тукум жылкылары бар жылкы заводчу болуп чыкты.

Өзүнүн бети ачылганын комментарийлеп жатып, Иса Өмүркулов ооба, апамдын, аялымдын, балдарымдын мүлктөрү бар, анын эмнеси бар экен деп ийиндерин куушуруп гана кутулган. Өзү кайненесине катталган үйдө жашайт, кудасынын автоунаасы менен жүрөт, ал эми гектарлаган жерлерди илгери эле сатып алгандыктан ага акчаны кайдан алганы эсинде жок. Өмүркулов айдап жүргөн “Тойота Ленд  Крузер” жана “Лексус” автоунааларын кайдан жана кайсы кирешеге сатып алганына жооп алуу да мүмкүн болбогон.

Андан бир жыл мурун “Белизгейт” жаңжалы чыккан. Анда 24.kg маалымат  агенттиги Өмүркуловдон “Бишкек парк” соода борборунун ээси болгон, Белиздеги оффшордо катталган компаниянын 25%ы анын аялы Толкун Курмановага таандык деген маалымат чынбы? Анын документтеринде коюлган кол менен “Белизгейтке” байланыштуу башка документтерге  коюлган кол анын колуна окшош экендиги шектүү эмеспи деп кызыккан. Ал колдордун баары Толкун Курмановага таандык экендиги анын оффшорлорго тиешеси бардыгын жана анын “Бишкек паркта” энчиси бар экендигин далилдейт деп ишенүүгө болобу деп сураган.

Өмүркулов болсо мени жөн гана каралап жатышат, менин аялым экөөбүздүн асыл тукум жылкылар менен койлорду өстүргөн жеке чарбабыздан башка эч кандай бизнесибиз жок деп жооп берген (бул жерде үч абзацка жогору кайрылып, дагы бир жолу Өмүркулов жанын жеп калп айтып жатканына күбө болосуң, анткени кийинчерээк анын аялы “Марко Барокко” соода ишканасына да ээлик кылары далилденген). Чын, Өмүркулов андан кийин тез эле аялы “Караван” соода борборунан дагы бир бутикке ээлик кыларын оозунан жаңылып, айтып алган.  Өмүркулов-Курмановага жана алардын жакын туугандарына таандык дагы канчалаган эсепке алынбаган жана али белгисиз мүлктөрдү издеп табууга болот? Тилекке каршы бул суроо так жоопсуз калууда.

Мени ак жерден каралап жатышат деген темасын улантып, Өмүркулов ошол эле интервьюсунда: “Эң башкысы – мен өзүмдүн алдымда акмын. Бишкектин мэри болуп 4 жыл иштеп, мен өзүмө бир чарчы метр да жер албадым, бир соода күркөсүн да курбадым, мени коррупцияга айыптаган бир да күнөөлөө болгон жок” деп билдирди. Ушул жерде Бишкектин мурунку мэри Өмүркулов коррупция фактысы боюнча анын үстүнөн калдайган кылмыш иши козголгонун унутуп калганы таңгалычтуу болду!

Дагы 3 жыл артка кайрылсак, Генпрокуратура мэр Өмүркуловго Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы парктын чек араларын мыйзамсыз бекиткени боюнча айып тагат.  Парктын 14 гектар аянтын мыйзамсыз түрдө бөлүп алып, бирөөгө 49 жылга ижарага берип салган. Өмүркулов шаар башчысы кызматынан  отставкага кетти, бирок эч кандай далил жок, демек мени соттоого негиз жок деп күнөөсүн мойнуна албады. Кыскасы адатынча карандай калп жана жарым чындыкты аралаштырган  куру сөздөр менен кутулуп кетти.

Иса Өмүркуловдун канчалык чынчыл адам экендигин дагы бир жаңжалдуу окуя боюнча билсе болот (ооба, Иса Өмүркуловдун мындай жоруктарын көпкө санап чыгууга болот). 2012-жылы ал уулун кылмыш иши боюнча кесилип кетерде “майлап”, эркиндикте сактап калган. 2011-жылы августта Өмүркуловдун уулу Азамат Исаев жол-транспорт окуясына күнөөлүү болуп, анын натыйжасында 3 адам өлгөн. Алгач Азамат Исаев реанимацияда жатат дешкен, бирок кийин ал жерде жатканы далилденбеген. Ал эми 3 айдан кийин сот бул кылмыш ишин жапа чекен тарап айыптоодон баш тартты деп токтоткон. Көп өтпөй Өмүркулов сот процессине эч кандай аралашпадым, таасир бербедим, эч кимге басым жасаган жокмун, ал эми менин балам күнөөсүн мойну менен тартсын деп билдирүү жасайт. Бир жылдан кийин Азамат Исаев күнөөлүү болуп табылат, бирок өтө ыңгайлуу, КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-транспорт каражатын сапатсыз оңдоо жана техникалык жактан бузук унааны эксплуатациялоо үчүн айдап чыгуу менен эки же андан көп кишинин өлүмүнө алып келүү беренеси боюнча шарттуу түрдө гана кесилет.

Ошентип, ал адилеттүү ата, өзүнүн баласынын адилеттүү жазаланышын талап кылат, бирок кийин баласы түрмөгө камалбай, жеңил жаза менен кутулуп кетет. Ал чынчыл жана сатылбас мэр, бирок, ал мэр болуп турганда борбор шаардын жерлери мыйзамсыз ижарага берилип кетет. Ал жупуну бизнесмен, болгону жылкы менен кой гана багат, бирок, анын кайсы гана тууганы болбосун миллионер болуп чыгат. Эми болсо партиянын ынтымагы менен биримдиги үчүн чуркаган мурунку КСДПчы, бирок партиянын бөлүп-жаргандарды да колдойт.

Эмне демекпиз, Иса Өмүркуловдун өмүр баянынын мисалында мунун баары мыйзам ченемдүү эле көрүнүш.

Карина Тен.

Булак: “Белый парус”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *