Иса Өмүркулов, КСДП фракция лидери: “Премьер-министр (Сооронбай Жээнбеков) өз ордунда калат, спикер (Чыныбай Турсунбеков) Конституция өзгөргөндөн кийин алмашат”

— Иса Шейшенкулович, башкаруучу коалиция ыдырышанан улам өкмөттүн курамы өзгөрөбү?

— Менимче, өкмөттүн курамында сөзсүз өзгөрүүлөр болот. Анткени башкаруучу коалициянын конфигурациясы өзгөрөт. Коалициянын ыдырышы өкмөттүн да отставкага кетүүсүнө алып келди. Бирок, бүгүн кеп өкмөт жөнүндө эмес, парламенттин ичиндеги өз ара карым-катнаш жөнүндө болууда. Ошондуктан, бүгүн өкмөттүн дарегине кандайдыр бир сын айтуу эртелик кылат. Андыктан, мен премьер-министр өз ордунда калганы максатка ылайыктуу экенин баса белгилейм.

— Спикер да алмашышы мүмкүнбү?

— Азырынча жок. Бирок, Конституцияга өзгөтүүлөр киргизилгенден кийин спикер алмашат.

Керим МУРАС

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *