Иса Өмүркулов партиянын баштапкы уюмунун мүчөлөрүнө көңүл бурбаса болбой калды

Редакциябызга (ред. “Азия Ньюс” гезити) Кочкор районундагы КСДПнын оппозициядагы кыйын күндөрүндө арка-бел болушкан 50гө чукул мүчөлөрү алдыдагы президенттик шайлоодо партиянын райондук координатору Жээнбек Алыкулов менен иштеше албай турушкандыгы боюнча билдирүү келип түштү. Айтымдарында, КСДПнын райондук бөлүмчөсүндө буга чейин «Алга Кыргызстан», «Акжол» партияларынын чачпагын көтөрүшүп, кандуу бийликтин райондогу жоокери Курманбек Байтерековдун кареги менен тең айланган ушул эле Жээнбек Алыкулов баштаган топ бийлеп алышып, эски партиялаштардын пикири эске алынбагандарына нааразы боло ичиндеги буктарын гезит аркылуу партлидерлердин бири Иса Өмүркуловдун назарына сунуштап коюшубузду өтүнүшүүдө. Нарын облусундагы негизги райондун ичинде ушундай бөлүнүп-жарылуу болуп, партиянын ардагер мүчөлөрү Жээнбек Алыкулов менен иштешүүнү каалабай жатышса, аламан жарышта Кочкордон жеңишти камсыздаш кыйынга туруп калбайбы? Иса Өмүркулов бул районго тезинен назарын салып, партиялаштарынын буктарын угуп, көңүл бурбаса, буларың шайлоодо капчыктуулар менен иштешип, тарыхы бар партияны райондо уят кылып койчудан. Кыскасы, партиянын райондогу координаторлугуна партиялаштар тарабынан эмес, фирманын жетекчиси сымал түндүктөн түшкөндөй келип калган Алыкуловго карата булардын азырынча нааразычлыгы басаңдачудан эмес.

Булак: “Азия Ньюс”

1 ой-пикир

  • Асан-Кайгы says:

    Эн туура маселе. Бир гана Кочкордр эмес, дээрлик бардык аймактарда 2000-жылдан баштап СДПК деп, бардык кыйынчылык, басмырлоо, кемсинтуулорго чыдап келеген ПАРТИЯ мучолору эбак эле “за бортом” калышкан. Анткени, алар чын ыкласы менен партиянын идеологиясы учун крошуп келген. Азыркы мезгилде алар акчалуулар менен алмаштырылып кеткени ото окунучтуу. Сапаттык корсоткуч ото начар, “ишениктуупайдубал” урап бараткандай сезилет, бирок ийгилик каалайм.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *