Исаев менен Төрөбаевдин тагдыры бүгүн чечилиши мүмкүн

Төрөгалык орун үчүн жан алы калбай чуркап жатышкан эки фракциянын лидерлери Канат Исаев менен Бакыт Төрөбаев ортомчулардын “сүйлөшкүлө” дегенине болбой көшөрүп, “өзүм билем” деп өчөшүп турган убагы. Парламенттик коалициянын анабашы Чыныбай аке чыркырап, эки лидерди эпке келтире албай эси ооп, “бүгүн акыркы күнүңөр, бир пикирге келсеңер келдиңер, болбосо тагдырыңар жалпы жыйында чечилет” деп бурк этиптир. Маалыматтарга караганда КСДПнын депутаттарынын басымдуу бөлүгү Канат Исаевди алдыга сүрөсө, Бакыт Төрөбаевди дагы “төргө” отургузууга кызыккан эл өкүлдөрү бар экен. Чыныбай Турсунбеков бир гана талапкерди алып чыгууга жан үрөгөнү менен кээ бир ксдпчылыр эки талапкер чыгып, ачык добуш берүү аркылуу шайлануусун айтканын уктук.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *