Исаков ушул идеяны ишке ашырса

Сапар Исаков өкмөттү жетектеп келгенден бери элдин социалдык абалын жакшыртууга катуу аракет кылып жатканы ырас. Бирок, тегерегине өзүнүн идеясын толук түшүнө бербегендерди чогултуп алганы, иштин алдыга жылышына тоскоолдук жаратып жатканы да анык. Исаковдун бирдиктүү командасы, иштин көзүн билген акылкошчулары жок экени эки-үч маселеде эле көрүнгөн. Социалдык абалды жакшыртуу үчүн карапайым элге шарт гана түзүп берсе, калганын эл өзү эптеп кетмек. Алыскы аймакты айтпай эле коёлу, Бишкек шаарында элге керек болгон тиричилик үйү жок. Азыркы “Бета Сторес” жайгашкан жер мурун тиричилик үйү эле. Аны Силаев сомдоп жиберген. Андан бери борбор калаада тиричилик үй дегенди кездештирбейбиз. Азыр тиричилик үйү шаардыктарга керек болуп турган кез. Андан сырткары ар кычыкта бут кийим, телевизор, муздаткыч оңдоп жүргөндөрдү, бир имаратка киргизип койсо, алар үчүн шарт түзүлсө, андан бюджетке салык да түшүп турмак.  Тынчтык проспектисинде курулушу  башталып, аягына чыга элек тиричилик үйү боло турган имарат бар экен. Бул идеяны ишке ашырам деген бир байкуш болсо керек. Тыйыны, таянычы бар киши болсо кичинекей имаратты чыкыйтып бүтүрүп, тиричилик үйү деп ачып коймок. Өкмөт башчы ушул идеяны да майда экен дебей назарына алып койсо жакшы эле иш болмок.

Булак: Жаңы Ордо 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *