Исхак Масалиев: «Эми мөңгүнү талкалап, балмуздак саткандарга таркатып берип коюу гана керек»

«Кумтөр» өз алдынча мамлекет болгонубуздан бери иш алып барып жаткан, бюджетке миллиондогон сом киреше киргизип жаткан майлуу-сүттүү ишкана деп ооз көптүргөнүбүз менен “Кумтөрдүн” пайдасынан өлкөбүз май талканга айланып кетпегенин, түбү тешик казынабызды толтура албаганын ар бирибиз билебиз. “Кумтөр” ар бир чакырылыштагы депуттардын ырына-чырына айланганы, чиеленишкен маселелер чечилбей, тескерисинче татаалдашып барат. Жакында эле Жогорку Кеңеште “Кумтөр”алтын кениндеги Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн жылдыруу маселеси каралды. Мөңгүнү жылдыруу боюнча бир канча замандаштар өз ойлорун ортого салышты. Талаш-тартыш күчөп, мөңгүнү сактап калуу аракетинде элдер пикетке чыкканына, чыркырап мөңгүнү жылдыруу бул деген акылсыздык! Жомок деп, чыйпылыктаган депутаттарыбыздын каршылыгына карабай мөңгүнү жылдырууга уруксат берилди. Ошол мөңгүнү жылдырууга караманча каршы чыккан депутаттарыбыздын бири Исхак Масалиевди кепке тарттым.

— Исхак мырза, мөңгүлөрдү жылдырууга уруксат берген мыйзам каралып жаткан кезде, бул мыйзам табиятынан туура эмес деген пикирди айттыңыз. Мыйзам бышпаган кам болуп калдыбы?

— Мыйзамдын табийгатында андай болбойт. Эки мөңгү боюнча мыйзам жазылбайт. Мыйзам деген жалпы түшүнүк, коомдо болгон мамиле жөнүндө айтылат да. Ушундай абалда эмне кылуу керек? Кандай жол тутуу керек? Жарандардын милдети, мамлекеттин милдети такталат. Ал эми бүгүнкү биз уруксат беребиз деген мыйзам ошол ишкананын кызыкчылыгын коргогон мыйзам болуп саналат. Таптаза кызыкчылыгы бар мыйзам болуп жатат. Мен ошондуктан каршы болуп жатам. Сүйлөшүп жолун табышыбыз керек. Мен Абсамат Масалиевдин “Кумтөр” тууралуу жакшы бир оюн эске салгым келип турат. Ал киши “Кумтөрдү” келгиле бюджетке кошпой эле коёлу. Бул өзгөчө болуш керек. Эгерде “Кумтөр” бюджетке кошулса, биз көз каранды болуп калабыз” деген даанышман кебин айткан. Мына ошол Абсамат Масалиевдин бир топ жыл илгери айткан кебинин мааниси эми сезилип жатат. Чын эле биз көз каранды болуп калдык. Бизге “Кумтөр” да керек болуп жатат, алар берип жаткан жети миллиард сом бизге жетишпей жатат. Бирок ишканалар үчүн мыйзам жазуу туура эмес.

— Мөңгүнү жылдырып сактагысы келген замандаштардын көтөргөн идеясы туура болдубу?

— Эми мындайда талкуу болгондо, ар ким өз оюн таңуулады. Эгерде биз жетишкен мамлекет болсок, мөңгүлөрдү кесип алып кайсыл бир жерге сактай алсак анда абдан жакшы болмок. Мөңгү керек маалда Нарынга тамчылатып куя бермекпиз да. Кеп анда эмес. Миңдеген жылдарда түптөлгөн мөңгүнү сактай албайсың. Ал муздаткычка эле батырып сактап алчу нерсе эмес. Мөңгү суунун башаты. Мен “Кумтөрдө” болгом. Мөңгүлөр тамчылап олтуруп, кичинекей булак суусундай нук менен агып барып ар тараптан аккан суулардын чогулмасы дарыяны түзөт. Суу каяктан келет десе, тоо түбүнөн деп айтылат элибизде. Ошол тоо түбүнө мөңгүдөн аккан суулар агып түшөрүн эске алуубуз керек. Эртеңки күнү ошол мөңгүнү талкалап жок кылгандан кийин тегеректеги экологиялык абалды туруктуу болот деп айтуу кыйын. Тоо этектерин кургакчылык капташы мүмкүн. Буга көп себептер бар. Бул жалгыз гана “Кумтөрдүн” күнөөсү деп айта албайм. Эми мисал катары айта кетсем, Кытайда ири ГЭСти курбады беле. Ошол аябай чоң ГЭС кургандан кийин “парник эффекти” болуп, айлана-чөйрөдөгү абал өзгөрүп кетти. Кытайдын өнүгүшү бир жагы жакшы. Экинчи жагы, өнүккөнү табийгатка таасирин берип жатат. Ошондуктан биз табийгатка зыян келтирүүдөн сактанып туруубуз керек эле.

— Башка мөңгүлөргө кол салуу болбойт деп ким кепилдик бере алат?

— Мыйзам чыгаруучуларда андай болбойт. Биз ушул эки эле мөңгүгө уруксат бердик. Башкаларга уруксат берилбейт деп айтышат. Ким билсин, жаңы шайланган президент келгиле, кайсы бир ишкананын кызыкчылыгы үчүн, мөңгүнү жылдырууга уруксат берели деши мүмкүн. Бир жолу уруксат бердик. Экинчи жолу деле уруксат бербейбиз деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан мен пикиримди айттым. Мыйзам чыгаруу тартибинде андай болбойт.

— Негизи мөңгүнү жылдырууга уруксат берүү деп мыйзам жазуунун өзү туурабы?

— Жок. Антип мыйзам жазуунун өзү Конституцияга туура келбейт. Конституция боюнча кен байлыктарды иштетүүгө уруксат бере алабыз, ал эми табигый байлыктарды эч кимге бере албайбыз. Көрүнүп турат да, “Кумтөргө” биз мөңгүлөрдү иштете бергиле деп макулдук берип жатабыз.

— Мөңгүнү алып салып, астында жаткан кен-байлыктарды казып алгыла деген эле мыйзам токулду деген замандаштар арбын болбодубу…

— Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн ордунан вертолёт менен жылдырып кайра коюп койчу нерсе болсо анда башка кеп болмок. Бул деген мөңгү, аны ордунан жылдырууга болбойт. Бир жарым метрден ашык катмардагы тоң. Ошол муз өзүнүн табигый касиети менен тоону кармап турат да. Эртең аны алып салгандан кийин жердин таптакыр структурасы өзгөрүп кетиши мүмкүн. Андан кийин алардын уу сактагычтары бар. Эгер жерден тоң кетсе уу сактагыч кайсыл тешиктен кетип, каяктан чыгат? Аны эч ким айта албайт. Жердин асты тыгыз эмес да. Уулар Ысык-Көлдүн кайсыл жеринен чыгат? Уу сактагычты канчалык жапканың менен алтын иштеткенде ылайкасы чыгат. Ал баары бир жылууда. Бир күнү чөгүп кетиши мүмкүн. Мен ошондон корком. Бир күнү Барскоондон чыгабы же башка жагынан чыгабы аны айтуу кыйын. Уулуу заттар тешип чыккандан кийин кокуй дейбиз бирок кеч болот. Биз Ысык-Көлдү өлтүрөбүз. Ошондуктан табигый байлыктарды иштеткенге мүмкүнчүлүк бербешибиз керек. Коргошубуз зарыл болчу. Мамлекет айтыш керек, эгерде сага алтын керек болсо, ушул мөңгүлөргө тийбей, биздин мыйзамды сактап, экологияга зыян тийгизбей иштейсиң, ал үчүн сенин каражатың жетеби, аны кенди иштеткени алганда эле ойлонушуң керек эле деп. Канадалыктар ишти баштаганда эле мөңгүнү талкалап түшөм деп ойлоптурбу. Ошондуктан бул кадам менимче туура эмес болуп жатат. Президент кол койбосо жакшы болот эле. Тилекке каршы ал киши да бул мыйзамга кол коюп берди.

— Мөңгүлөрдүн жарымы алда качан жок болгон деп башында айтып чыгышты эле. Депутаттар, жарандык активисттер жерине барганда мөңгүлөр жок болбой эле турганын көрсөттү. Бул жөн гана шылтоо болгонбу?

— Эмнеге мөңгүлөрдүн жарымы жок болмок эле? Эми макул, мурун кол салынып кеткендиги анык болгондо деле, калганын токтотуп сактап калсак болот эле.

— Казылган мөңгүлөргө жөн гана депутаттар кол коюп уруксат берди деп эл өкүлдөрүн куурчакка айлантып жатышкан жокпу?

— Мен ошону айтып жатам да. Жети жылдан бери Өкмөт эмне иш жасады? Ошончо жылдан бери казылып жатканын көргөн жокпу? Мөңгүгө кол салынып, казылып, мөңгү салаңдап турганын көрбөгөн Өкмөттү эмне деп айтса болот? “Кокуй” деп кыйкырып депутаттарга салып жатат. Мен депутаттарга оодара салгандын кереги жок, өзүңөр жооп бергиле деп айттым. Иштете алса иштешсин, иштете албагандан кийин тынч эле кетип калышканы дурус болмок. Өкмөт биздин колубуз менен бизди пайдаланып туруп “Кумтөрдү” ордуна койсок болот болчу. Депутаттар каршы чыгып атат деп маселени кабыргасынан койгондо, канадалыктар дагы унчукпай иштемек. Өкмөт Жогорку Кеңештеги баардык депутаттарын дүңүнөн жыйнап туруп, “Кумтөрдүн” астына салып таштады. Мындай буга чейин болгон эмес. Бул эң жаман нерсе. Бир кадам артка кеткенден кийин кете берет. Эртең башка ишкана чыгышы мүмкүн “Бизге бул дарыяны буруп бергиле” деп. Эсиңерде болсо керек, Чаткалда алтынды кытайлыктар иштетип жатканда аккан суунун астын казбай эле сууну буруп коюшкан. Муну менен миллион жылдан бери өз жолун тапкан дарыяны талкаладык. Астындагы курт-кумурскалардын табийгатка кандай таасири тиет дегенди бир жан ойлободу. Мен ошолорду эске алып каршы сөз айтсам жакпай жатпаймынбы. Бирок Конституциянын бешинчи беренесинде так жазылган “Табийгый байлык элдики” деп. Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн укугу жок мөңгүнү талкалоого уруксат бергенге. Жарымы жок экен, жылдырып сактасак болот деген жөө жомокторго ишенип кереги жок. Мөңгүнү жылдырып сактоого болот. Бирок, ошол бийиктикте кандайдыр бир нерселерге ороо менен. Бирок бизде андай шарттар барбы? Мына ошол проблема. Эми мөңгүнү талкалап, балмуздак саткандарга таркатып берип коюу гана керек болду. Башка жол жок, калбады. Баса белгилеп айтып кетүү керек. Мөңгүнүн табийгаты башка. Ал баягы муздаткычтан чыккан муз эмес. Ошондуктан мен дагы бир жолу айткым келет, биз өтө эле туура эмес кадамга барып алдык.

— Кээ бир кесиптештериңиз мөңгүнү талкалоого каршы сөздөрдү сүйлөп алып, добуш берүүгө келгенде макулдук бергендери коомчулукта кызуу талкууланып жатпайбы?

— Туура, кээ бир кесиптештеримдин сүйлөгөн сөзү башка, ал эми жасаган иши башка экени оркоюп көрүнүп калбадыбы. Элдин кызыкчылыгынан өз кызыкчылыгын жогору койгондугу замандаштарыбызга байкалды.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *