Исхак Масалиев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан ЖК депутаты: “Өкмөт башчыга “примьер-министр” деп кат жазган Дастан Артисбекович өсүп алсын…”

– Исхак Абсаматович, конституциялык палатанын Жогорку соттун кайрылуусу боюнча чыгарган чечимине көз карашыңыз кандай?

– Биздин иштеп жаткан регламент боюнча мыйзамда «жыл сайын Жогорку сот Жогорку Кеңешке сот системасынын ишмердүүлүгү жөнүндө баяндама берет» деп жазылып турат. Биз ал мыйзамга жазып койгонбуз, «тармактардын көз карандысыздыгын эске алып карашыбыз керек» деп. Ошого карбастан, Жогорку сот конституциялык палатага «ушул норма Конституцияга дал келбейт» деп кайрылуу жасаптыр. Конституциялык палата ал норманы мыйзамсыз катары таап, «Конституцияга дал келбейт» деген чечим чыгарган. Конституциялык палата ал кайрылууну кароо менен эки ката кетирген. Биринчиси, Жогорку сот эч качан Конституциялык сотко кайрылуунун субъекти боло албайт. Карап аткан иши боюнча кайсы бир мыйзам жаранга, же иштин тагдырына таасир бере турган болсо, ошондо кайрылат. Биздин пикирибиз боюнча, бул чечими менен конституциялык палата сот системасы менен жогорку мыйзам чыгаруу системасынын ортосунда тирешүүнү пайда кылууда. Биз, Жогорку Кеңеш сотторду шайлайбыз. Демек, алардын бизге маалымат бергени Конституцияга эч кандай карама-каршы келбейт. Канча судья иштейт, кайсы имаратта отурат, канча айлык алат, кайсы иштерди карап атат – ушулар тууралуу маалымат алуу максаты менен биз баяндама угуп жатабыз да. Себеби, бүгүнкү күндө элдин нааразылыгынын токсон пайызы сот системасына карата болуп атат. Аларды укпай туруп, биз элдин талабын кантип аткарабыз? Соттун көйгөйүн кантип чечебиз? Ошондуктан, мен ойлойм, Конституциялык соттун төрагасы Мамыровдун кылган аракеттери абдан туура эмес. Ал өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашып чечим кабыл алууда. Мен анын үстүнөн тартип комиссиясына жаздым. Комиссия 2-майда карап, 23-майга калтырды. Ал эми кылмыш иши боюнча биз суроо бере албайбыз. Айрым депутаттар бериши мүмкүн, ага Жогорку соттун төрагасы «жооп бере албайм» деп коюшу керек. Болду.

– Сиз «конституциялык палата эки мыйзам бузду» дебедиңизби? Биринчисин чечмеледиңиз, экинчиси кайсы?

– Экинчиден, конституциялык палатада Конституцияны чечмелегенге укук жок. Андай укук мурда Жогорку Кеңеште, анан конституциялык палатада болчу. Бирок, 2010-жылы «эч ким Конституцияны чечмелебесин» деп алып таштаганбыз.

– Төрага депутаттарды кагып коюп атканын айттыңыз? Экөөңүздөрдүн ортоңуздарда кандайдыр бир пикир келишпестик болду беле?

– Эми мындай да. Анын какканынан мен чочуп кетип, өкүрүп ыйлап, качып кеткен жерим жок. Бирок, сын пикирди айтканда, Дастан Артисбекович төрага болгондон кийин чыдаш керек да. Бир аз өсүш керек. Андан көрө «Исхак Абсаматович, карап көрөлү, аппаратка тапшырма берели» деп койсо башкача болот эле. Биз төрагага жиберген мыйзам долбоорлору эмнегедир жумалап жатып калат. Ал эмне, окуп атабы? Анын окуганга укугу да жок. Биз берген демилгени ошол замат «баланча комитетке жиберилсин» деп кагаз жазып бериш керек, болду. Мен ошону айттым да. Жанар Акаев экөөбүз бир жума мурда кат жибердик. Мен бешинчи кабатта отурам, төрага жетинчи кабатта отурат. Бир жумадан бери жооп жок. Мен төрага болсом, келген күнү эле жооп бермекмин.

– Балким иши көптүр?

– Өкмөт башчыга жанагындай «примьер-министр» деп кат жазып атса көп болот да…

Керим Мурас

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *