Исхак Масалиев, ЖКнын депутаты: “Конституциялык палатанын чечими туура эмес болгон”

«Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун Жогорку Кеңештеги «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан Исхак Масалиев жана «Республика – Ата-Журттан» Курманкул Зулушев иштеп чыгышкан. Жыйынтыгында Масалиев өзү демилгечи болгон мыйзамга каршы добуш берди. Биз не үчүн андай кадамга барганын сурадык.

– Исхак мырза, Курманкул Зулушев экөөңүздөр жазган мыйзам долбооруна неге экинчи окууда каршы добуш бердиңиз?

– Себеби биз “Президенттин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери жөнүндөгү” мыйзамдын 12-беренесин тагыраак айтканда, экс-президенттин кол тийбестиги деген норманы толук алып салуу сунушун бергенбиз. Биринчи окуудан кийин ал мыйзам долбооруна тескерисинче, иштеп жаткан президенттин кол тийбестигин алуу процедурасы экс-президентке таратылды. Депутаттардын сунушу менен, башкы прокурордун макулдугу менен депутаттардын үчтөн экисинин колдоосу менен экс деген статусун алып таштап, жоопко тартса болот деген норма киргизилди. Башка нормаларга макул болсом дагы ушул норма кирип калганы үчүн айла жок каршы добушумду бердим. Бирок депутаттарды да жамандай албайм. Алар Конституциялык палатанын чечимине таянышты. Анткени Нурбек Токтакунов Конституциялык палатага ушул мыйзамдын 12-беренеси Конституцияга дал келеби же жокпу деп кайрылган. Конституциялык палата дал келет же дал келбейт деп койбой, экс-президентти жоопкерчиликке тартуу боюнча эрежеси болушу керек деп жазып койгон. Жеке менин пикирим боюнча Конституциялык палатанын чечими туура эмес болгон.

– Депутаттар кайсы президентке кошомат кылышып, беренени түп тамырынан бери өзгөрткөнгө салым кошушту?

– Бул жерде депутаттар кайсы бир президентке жан тартты деп айта албайм. Конституциялык сот мурдагы президенттерди колдогон деп айтсак болот. Чынында азыркы иштеп жаткан президентти келээрки Жогорку Кеңешке көпчүлүк аны колдогон депутаттарды жыйна деген кадамга түртөбүз. Бир гана беренеде талаш жаралды. Анткени Конституциялык соттун көрсөтмө берген мыйзамсыз укуктарды чектеген чечими менен биринчи окуудан өткөн концепциябыз экинчи окууда өзгөрүүгө туш болду. Аны өзгөртүү, кошумча-алымчаларды киргизүү депутаттардын укугу экен. Тиллаев “бул мыйзам экс-президенттин президент кезиндеги ишмердүүлүгүнө тиешелүү. Президент да чечимдерине эртең экс-президент болгондо жооп бергенде анын мыйзам алдында кепилдигин сактап беришибиз керек” деген кадамга түртөбүз.

Маектешкен: Чынайым Кутманалиева

Булак: «Фабула»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *