Ишенбай Кадырбеков, экс-депутат, коомдук ишмер: “Экс-президентти жоопкерчиликке тартуу көрүнүшүн калыптоо менен Жээнбеков таза президент болуу дымагын билдирди”

– Мурдагы президент Атамбаевдин иммунитети дагы деле бар, укук коргоо кызматтары аны суракка чакырууга укуксуз дегенди анын жактоочусу Сергей Слесарев маалымат каражаттарына билдирүүдө. Анын бул айтканы канчалык деңгээлде чындык?

– КР Конституциясынын 69-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, экс-президенттик макам мыйзам аркылуу бекемделет. А.Атамбаевдин экс-президенттик макамын бекемдөө боюнча мыйзам жок. Демек, ал экс-президенттик макамга ээ болгон эмес, болуп өткөн окуялардын кесепеттери да так ушунун негизинде болду. Логикага таянсак, бул туура эмес. Ал президенттин ыйгарым укугун аткарды жана экс-президенттик макамга автоматтык түрдө ээ болушу керек эле. Бирок мыйзам деген мыйзам. Формалдуу болсо дагы депутаттар жаңы президенттин ант бергенинин эртеси күнү эле А.Атамбаевдин экс-президенттик макамын бекитүү боюнча мыйзамды кабыл алуулары керек эле. Бирок, аны кылышпады. Эгер А.Атамбаевге экс-президенттин макамы өлкө президентинин Жарлыгы менен берилген болсо, анда бул мыйзамсыз. Таң калыштуусу, А.Атамбаевдин айланасындагылардын баары, ал турмак адвокат да Конституциянын аталган нормасын түшүнбөй жатышат, же түшүнүүнү каалашпайт. Аны менен алар шефине зыян гана келтиришти, анткени жанындагылардын мыйзамды түшүнгөнүнө карата Атамбаев суракка баруудан баш тарткан. Мындай команданы ал өзү топтоду. Адвокаттарынын мыйзамды түшүнгөндөрүнүн ушундай деңгээли А.Атамбаевди мыйзам бузууга жеткирди.

Депутаттык корпус да өздөрүнүн чечими менен жок нерсени жокко чыгарып, деңгээлин көрсөттү. Бул нерсе А.Атамбаевдин айланасындагылардын адекваттуу эмес кабыл алуусун жаратты. Менин көз карашымда, болуп өткөн окуялардын баштапкы себеби жөнөкөй: начар кадрдык саясат. Биздин өлкөнүн трагедиясы – мамлекет башчылыгына көбүнчө лидердик сапаттары менен айырмаланган адам эмес, кырдаалдын агымына карата капысынан башка бирөөнүн шайланып калганы болууда. Өз кезегинде алар тегерегине өзүнө окшогон лидердик сапаттары менен айырмалана албаган, ар кандай кырдаал жана ар кандай акыбалга тез сиңип кете тургандарды чогултушат. Профессионал болбосо койсун, эң башкысы “өзүнө караштуу”. Ошондуктан, буга чейинки ажолордун да тагдыры өздөрү үчүн трагедиялуу аяктады – бул кайсы бир жагынан мыйзам ченемине да айлангансыды. Өздөрүнүн жеке трагедиясынын негизин өздөрү жасашты. Алардан бийликтин бардык бутактарына кадрларды жеке дайындап, ал турмак депутаттардын тизмесине чейин кийлигишкен А.Атамбаев да айырмалана албады. Анын аягы эмне болгонун азыр баарыбыз көрүп турабыз. Өкүнүчтүүсү, бийликти көшөгө сыртында талашуунун айынан өлкөнүн имиджи жабыркады.

– Мурдагы президенттин камакка алынышы жана ага оор беренелер боюнча айыптардын тагылышы эмнени билдирет?

– Экс-президент деген ким? Бул өлкө президентинин ыйгарым укуктарын аткарууну токтоткон адам. Анын Конституцияда жазылган кепилдик жана коргоо ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн соңуна чыгышы менен жалпы жарандык укук жана милдеттерге алмашылат. Мен буга дейре Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги боюнча норманын жоктугу дүйнөлүк практикага дал келет жана бул кокустук эмес деп айткан. Президент өтө кеңири ыйгарым укуктарга ээ. Ал кандайча пайдаланылат, мындан элдин жана мамлекеттин тагдыры көз каранды.

Президент жана анын айланасындагылар бардык эле адамдар сыяктуу азгырыктан куру эмес, бул же тиги чечимге таасирин тийгизери талашсыз. Өлкө үчүн негативдүү кесепеттерди алып келүүчү чечимдерди алдын алуу максатында президент тараптан аракет болуп, жоопкерчиликтин сөзсүздүгү принциби киргизилет. Бул принципке ылайык, курамында Кылмыш кодексинде каралган кылмыш белгилери бар аракеттерди жасаган болсо, жоопкерчилик тартышы керек. Жоопкерчиликке тартылуу коркунучунун жоктугу, каалаган ишин жасоо мурдагы президенттерди кыргыз жерин башка өлкөлөргө кармата берүүгө, өлкөнү тоноого, завод жана фабрикаларды талкалап жок кылууга, өлкөдөн жабдыктарды, техникаларды чыгарып кетүүгө, өлкөнүн кен байлыктарын чет өлкөлүк компаниялардын талап-тоноосуна жол берүүгө жана жол берүүнү улантууга жеткирди. Бир гана жоокерчиликти сөзсүз түрдө тартуунун бардыгы президентти ушундай кылыктардан алыстатып турат. Мына ошондуктан Конституцияда экс-президенттин кол тийбестиги каралган эмес. Бирок, биздин парламентке Конституция маанилүү эмес экен. Алар экс-президенттин макамына президенттин деңгээлиндеги өмүр бою кол тийбестиктигине чаптоону чечишти, андан кийин аны өзгөртүшүп, А.Атамбаевдин жок экс-президенттик макамын алуу тууралуу токтом токушту. Конституцияга каршы мыйзамды кабыл алууну депутаттар жетектегенин түшүнүү кыйын. Бирок эң маанилүүсү: өлкөдө президентти кылган-эткени үчүн жоопкерчиликке тартуу көрүнүшү калыптанды. Учурдагы президент окуялар кайталанышы мүмкүндүгүн билип туруп, кайра ушул жол менен кетсе – кымбат төлөп калат. Жээнбековдун такыр башка президент болууну каалаганын билдиргени. Чын эле ушундайбы – жашап көрө жатаарбыз.

– Атамбаевдин Батукаевдин бошотулушуна катыштыгы болушу мүмкүнбү? А.Салянованын баш коргоо чарасынын өзгөртүлүшү эмнени билдирет?

– Өзүңүздөр билгендей, Батукаевдин бошотулушу коомчулуктун күчтүү нааразычылыгын жараткан. Анан калса А.Атамбаев тараптан буга эч кандай реакция болгон эмес, бул айласыздан күмөн ойлорду жараткан. Адатта окуя тезирээк унутулуп кетишин каалаганда гана унчукпай, реакция жасабай отуруп беришет. Бул болуп өткөн окуяга тиешеси бар адамдын кадыресе реакциясы. Экинчиден, Батукаевди бошотуу боюнча операцияга бири бири менен дээрлик байланышы жок мекемелердин синхрондуу катышкан, бул нерсе “дирижерсуз” ишке ашуусу мүмкүн эмес эле. Тергөө эми чындыкты казып чыгуу үчүн чоң иш аткарышы керек.

А.Атамбаевдин катыштыгын далилдөө аракети Ш.Атахановдун гана көрсөтмөсү менен болууда, бул сот обьективдүү кароосунда перспективага ээ болбошу ыктымал. Ошондуктан, менимче, тергөөнүн А.Саляновадан кошумча тастыктоолорду алууга умтулуусу тергөө процессиндеги маанилүү элемент болду. Тергөө кызматтары эмнеге жетишти, А.Салянова эмнеден улам үй камагына чыгарылды – мен билбейм.

Айжибек Арыстанова

Булак: «Майдан»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *