Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: “Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун салынышы абдан кымбат болгону байкалып эле турат”

Кыргызстандыктар ЖЭБ чуусунан, андагы чубалган коррупциялык иштерден эсин жыя албай отурганда дагы бир иштин жүзү ачыла тургандай өңдөнүп калды. Жол жана транспорт министрлигинин маалыматына таянсак, 1996-жылдан 2016-жылга чейин Кыргызстандагы жолдордун курулушу үчүн 2 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган. Алардын 206 миллион доллары грантка келген акча болсо, 213 миллион доллары өлкө бюджетинен каралган акчалар. Ал эми калгандары кредитке алынган жашыл акчалар. Түндүк-түштүк альтернативалык жолун экс-президент Алмазбек Атамбаев демилгелеп алып чыккан. Бул жолдун башталышы 2014-жылга туура келет. Азыркы учурда жолдун 66%ы бүткөрүлдү. Алтернативалык жолдун жалпы баасы 846 миллион доллар. Анын 789 миллион доллары жалаң кредитке алынган акчалар. Бул каражат дагы Кытайдын «Эксимбанкына» «Чайна роуд», «Лонг Хай» компанияларына таандык. Калган бөлүгү грантка бөлүнгөн жана бюджетте каралган акчалар. Жолдун курулушуна «Эксимбанк» тарабынан жалпы 700 млн. доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя бөлүнгөн.

Альтернативалык түндүк-түштүк жолунун туурасы 15 метрди түзөт. Ал эми катмарлардын калыңдыгы 15 см. Бул жолду Кубанычбек Жумалиев баштаган депутаттык комиссия иликтемей болуптур. Эске сала кетсек, дал ушул аталган түндүк-түштүк альтернативалык жолуна экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын ыйгарууну Кубанычбек Жумалиев өзү демилгелеп чыккан эле. Жолдун курулушу жана каражаттын жумшалышы жөнүндө ар кандай пикирлер айтылууда. Алдыдагы депутаттык комиссиянын жыйынтыгы кандай болорун, кайсы нукта иш алып барарын убакыт көрсөтөт. Айтор, бир жаңы чуу башталчудай. Белгилүү коомдук ишмер Осмонакун Ибраимов түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу иликтенсе, ал жердеги уурулуктун көлөмүн билген эл эс-учун жоготуп коюшу мүмкүн экенин басма сөз беттерине айтып чыккан. «Былтыр мен тааныган бир бала аталган жол боюнча иштин бир бөлүмүнө кирген. Анын үйүн көрүп оозум ачылды. Жакшыраак сүйлөй албаган баланын үйү ошончолук болсо, ошол жерде иштеген акылдуулар, кыйындардыкы кандай болду экен?» деп белгилейт. Биз дагы айрым эксперттерге түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу тууралуу суроо узаттык.

– Бул жолдун салынышы абдан кымбат болгону байкалып эле турат. Депутаттардын «комиссия түзүп, карап көрөлү» дегени жакшы нерсе. Бирок «аягына жете алышабы, же жете албай калышабы» деген күмөнүм бар. Коркунуч бар. Жол башталганда эле артында ким турат, ким түрткү болгон, кытайлыктар менен ким сүйлөшкөн деген маалыматтар жарыяланган. Башталганда эле Сапар Исаков менен байланышы бар экендиги да маалымдалган. Эгерде депутаттык комиссия жакшы иликтесе, бул жерден көп маселелер чыгып калышы мүмкүн. Негизи мурунку бийлик чет өлкөнүн акчасы менен кайсы маселени чечпесин тарых музейи болобу, ипподром болобу, жол болобу, ЖЭБ болобу, баардык жерден былыктары чубалып чыгууда. Бул жол эле эмес Кытайдын «Эксимбанкынан» түшкөн акчалары кандай жумшалганынын баарын текшерүүгө алуу зарыл. Кыргызстандагы жүздөгөн, миңдеген маселелерди айтса болот. Кээ бир маселелерди бүгүн, кээ бирин эртең чечсе деле болот. Жол курулушта акчаны оңго-солго кетирүү жеңилирээк. Альтернативалык жолду эртең жасасак деле болмок. Экономикалык коркунучту белгилей кетсем, биздин ички дүң продукция менен салыштырып эсептегенде 60%ы алган карызыбызды түзөт. «Дүйнө жүзүндө 20%дан ашканда мамлекет дефольт болуп кетеби?» деген коркунуч жаралат. Биздики 60%дан ашты. Өзүбүздүн тапкан продукциядан алган карызыбыз өтүп кеткени – бул Кыргызстанды кийин дефольтко алып келиши мүмкүн. Ошого карабай карызды ала беришти. ЖК депутттары кол көтөрүп макулдуктарын берип жатты. Кийин «65%га жеткирели» деген ойлору болуп калды. Бул мамлекеттүүлүгүбүзгө чоң доо кетириши мүмкүн. Менин оюмча, «доо кетирди» деген пикирдемин. Кийин биздин тапкан акчабыздын баары алган карызды төлөгөнгө жумшалып калышы мүмкүн. Аны төлөй албасак жерибизден, байлыгыбыздан ажырап калышыбыз ыктымал. Биздин бир эле «Эксимбанктан» алган акчабыз 1,5 млрд, доллардан ашып кетти. Мындай жолго барган Тажикстан жерлерин алдырып тынды. Бизде да мындай күнгө дуушар болуу коркунучу бар.

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *