Иши бүткөн Асановду эмес, келечеги кең Курманкуловду колдоп койбойлубу?

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов азыркы кызмат ордуна келгенине жаңы жылдан соң 8 жылга аяк басат. Канткен менен бул аралыкта ал кагылып-согула бышкансыды. Өзгөчө парламент жыйынына омбу-домбу сүйлөсө да катыша берип, ИИМдин «итчилигин» жашырып, тармактын абийирин жаап жүрөт. Ички иштер системасынын ички эрежелеринде деле ар төрт жылда кадрлар ротацияланып турушу эрежеге ылайык экен. А Курсан Асанов 8 жылдан бери бир креслону «жыдытып» бүттү. ИИМдин атынан Жалал-Абад облусуна кураторлук кылгандан башка эчтеке чечпеген соң, куру дегенде жети дубандын ОИИБинин бирине которулуп кетпейби, болбодубу эми? Ээлеген ордун качанкыга чейин «сүрсүтөт»? Эгерде жогорку жетекчилик генерал Асановдун кызматтык тагдырын чечсе, бул орунга өсүп келе жаткан чыйрак кадр, жаштыгына карабай Бишкек шаары менен Чүй ОИИБини татыктуу башкарып келе жаткан ишбилги полковник Самат Курманкуловдун талапкерлигин карап көрүүгө белсенишкенинен кабардар болдук. Министрликтин колдоого алынчу бул аракетин кубаттап, иши бүткөн генералдарды эмес, келечеги кең Курманкуловду колдоп койгонго неге болбосун?

Канжар Борпошов

Булак: «Азия ньюс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *